Коом

Чаткалдык имамдар "Ыйман" фондунан айлык ала башташты

18

коллегия апрель 1 Жакынкы күндөрдөн баштап Кыргызстандагы жума окулган мечиттердин имамдарына «Ыйман» фонду тарабынан айлык бериле баштады. Белгилей кетсек, «Ыйман» фонду мамлекет тарабынан президент Алмазбек Атамбаев Шаршеновичтин колдоосу менен атайын түзүлгөн бир фонд.  Бул фондго Туркия мамлекети атайын жардамын узатып акча которгон. Ошол жардамдан имамдарга айлык чыгарып берүүдө. Бул фонд имамдарды айлык менен камсыздоо үчүн 3 шарт менен, 1-Мечиттин катталган болуусу, 2-айлык алуучу имам ханафий (Имам Аъзам) мазхабында болуусу ал эми, 3-Аттестациядан өтүүсү тийиш болгон шарттар менен гана камсыздоодо. Чаткал районунун имам хатиби, ажы Кубанычбек Токоновдун маалымдашынча, 10-июнда муфтиятта уюштурулган аттестациядан районубуздагы 9 имамдан 8 имам катышып өтүп келишип, аталган фонддон айлык ала башташты. Учурда Чаткал районунда 9 мечит бар. Булардын баары каттоодон өткөн. Бул мечиттердин имамдары талапка ылайык, ханафий мазхабында. Бир гана Жаңы-Базардын имамы Эгембердиев Абдыкадыр аттестацияга белгилүү себептерден улам, баралбай калды. Азыркы учурда 8 имам «Ыйман» фондунан 4850 сомдон айлык ала башташты.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь