Анын алгач өмүр таржымалына кайрылсак, ал 1986-жылы Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында туулган.1993-жылы Кайың-Суу орто мектебине кирип, 2004-жылы мектепти аяктаган соң , 2005-жылы Жалал-Абад облусундагы №1 кесиптик лицейдин бухгальтерия бөлүмүнө тапшырып, аталган окуу жайын аяктап, 2008-жылы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин дене-тарбия факультетине тапшырып, 2011-жылы бул окуу жайын бүтүргөн.
Анын спортко болгон сүйүүсү бала кезден эле ойгонуп, мектепте окуп жүргөн кезде мектепте өткөрүлгөн спорттук таймаштарга кызыгуу менен катышып, күч сынашып, жеңиштерге жетишип, андан соң аталган жогорку окуу жайда окуп жүргөн мезгилде да Жамила Ибраимова спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерге жетише алды.
Тактап айтканда 2005-жылы волейбол оюну боюнча Касендеев турниринде биринчи орунга ээ болушкан. Мындан тышкары күрөш боюнча да 2007-жылы Жалал-Абад облусунда өткөн кыз-келиндер арасында 59 кг салмакта күч сынашып биринчи орунду багындыра алды. 2008-жылы Кыргызстандын биринчилигинде ушул жаатта экинчи орунга татыктуу болду. Ал эми жаштар арасында волейбол оюуну боюнча атаандаштарына жети жыл биринчи орунду алдырбай, эң мыкты команда боло алышты. Көптөгөн оюндарда жеке жана командалык эсепте жеңүүчүлөр менен “Ардак грамоталарга”, медалдарга татыктуу болду.
Жамила Ибраимованын ушундай ийгилик жолуна жетелеген спортко болгон кызыгуусуна кызыгуу арттырган алгачкы күрөш боюнча машыктыруучусу Нурбек Исмаилов, ал эми волейбол оюуну баюнча Кайрат Садыков жана учурдагы машыктыруучусу Саити Патиновдордун эмгектери чоң жана алардын жардамы менен Кыргызстандын көптөгөн региондоруна барып өз күчүн көрсөтөтүүгө жол ачылды.
Мына ушундай кыргыздын сыймыктуу кызы учурда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №29 Т. Муратов атындагы орто мектебинде дене-тарбия сабагынан билим берип, мындан тышкары Зуура Нурматова атындагы кыргыз-түрк кыздар лицейинде волейбол оюну боюнча машыктыруучу болуп иштеп келе жатат. Ушундай спорттун кырында жүргөн кызды тарбиялап, өстүргөн атасы Абдували, апасы Анарбүбү жана бир тууган эже-сиңдилери ошондой эле агасы Жамалбек сыймыктануу менен Жамилага ар дайым колдоолорун көрсөтүп келишет. Көңүл жылытар мына ушундай спорт каарман кызыбыздын күчүнө күч кошулуп, Кыргызстандын желегин башка мамлекеттерге желбиреткен, мыкты спорт чебери болсун демекчибиз.
М. Эшназаров, КР. журналисттер кошунунун мүчөсү]]>