Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө кызуу даярдыктар башталды. Аталган маарекени уюшкандыкта өткөрүү боюнча райондук жетекчилик тарабынан уюштурулган курам тарабынан ар жума сайын жыйын өткөрүлүп, ага ылайык, мекеме, ишканаларга тийиштүү тапшырмалар бериле баштады.
Бүгүн, 20-июль күнү берилген тапшырмага ылайык, райондук ДЭП-27 жол тейлөө ишканасынын техникасы раймамадминистрациянын атарабындагы боз үйлөр тигилип, расмий жана маданий иш чаралар өткөрүүгө ылайыктуу негизги аянтты тегиздөө иштерин жүргүздү.]]>