Жаңы-Базар айылында тээ Союз мезгилинен бери толук бүтпөй келаткан мечит бар болчу. Мечит өткөн жылдан бери жергиликтүү жаштардын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен ондолуп, учурда дээрлик толук бүтүү алдында. 17-июль-Айт күнү аталган мечитте Айт намазы окулду. Айт намазынын алдынан айыл имамы Кадыр Эгембердиев мечиттин курулуш иштерине демөөрчүлүк көрсөткөн жарандардын аттарын атап, аларга айыл тургундарынын ат
ынан ыраазылык билдирди.
Андан соң, Айт намазына айылдын бардык намазкөй жашоочулары келишип, айыл имамы Кадыр Эгембердиевдин имамдыгы алдында намазга жыгылышты. Бул күнкү Айт намазына мечитке үч жуздөн ашык адам катышты.]]>