Чаткал районунда көптөгөн атуулдарыбыз өз убагында чарчадым, чалыктым дебей мамлекетке жана элге күнү-түнү кызмат өтөп келишкен. Алар менен ар убак келечек жаштары ал тургай, бүткүл Чаткал журтту сыймыктанып келет. Ийгилик ишке жараша –демекчи өзүнүн күжүрмөн кызматы менен иштеп, райондун түптөлүшүнө зор салым кошкон инсандарыбыздын бири-учурда ардактуу эс алуудагы персоналдык пенсионер Сатыбеков Мунарбай Сыйнатович. Ал алгачкы эмгек жолун 1967-жылы Таш-Көмүр шаарындагы Таш-Көмүр ПМС ында жумушчу болуп иштөөдөн баштап, 1969-жылы Жаңы-Жол районуна караштуу Караван ремонттук курулуш участогунда жумушчу болуп эмгектенген. 1969-1971 жылдары Фрунзедеги финансылык-экономикалык техникумунун “статистика” бөлүмүн аяктап, 1971-80 жылдары Ала-Бука райстатында улуу инспектор, жетекчинин орун басары, 1988-89 жылдары Чаткал райкомпартиянын сунушу боюнча Беш-Арал аарычылык совхозунун партиялык уюмунун секретары, башкы эсепчиси, андан кийин 1989-жылдан 2011-жылга чейин Чаткал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматында үзүрлуү эмгектенген. Жалпылап айтканда, Чаткал, Ала-Бука райондорунун статистика тармагында 40 жыл эмгектенсе, анын ичинен 29 жыл Чаткал районунун статистика тармагынын жетекчиси болуп келди. Ардактуу эс алууга чыккан мезгилде да жөн олтуруп калбай, 2011-2012 жылдары Чаткал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн адиси кызматын аркалап, өзүнүн мыкты иш тажрыйбасын келечек муундарга бөлүшүп, тактап айтканда он бешке жакын жаш адистерди жетекчиден жогорку кызматтарга чейин тарбиялап өстүрдү.
Адамды даража жогорулатпайт, даражаны адам жогорулатат-дегендей, Сатыбеков Мунарбай Сыйнатовичтин өтөгөн кызматтары мамлекет тарабынан зор баага ээ болуп, аткарган эмгектери эл колдоосуна арзып, 1982-жылы статистика тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн СССРдин уюшулгандыгынын 60 жылдыгына карата СССРдин Борборлоштурулган статистика башкармалыгы тарабынан “Социалисттик учеттун отличниги” төш белгиси, 1997-жылы Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитетинин “Статистика отличниги” деген төш белги, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Ошондой Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын, Жалал-Абад облусттук мамлекеттик статистика башкармасы Жалал-Абад облустук профсоюз комитетинин “Ардак Грамоталары” менен ошондой эле СССРдин жогорку Советинин жана Кыргыз Республикасынын элдик контролдоо комитетинин “Алкыштарына”, райондук социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн 2008-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” наамы ыйгарылган. Чаткал районунун “Ардактуу атуулу” наамдарына ээ болгон.
Мына ушундай эмгеги менен кошо ынытмагы бекем, очор-бачарлуу үй-бүлөнү түптөп, өмүрлүк жубайы Жайнак апа менен эки уул, эки кызды тарбиялап, аларды өз убагында окутуп, учурда уул кыздары жогорку кызматтарда иштеп келишет. Мунарбай Сыйнатович бүгүнкү күндө бактылуу карылыктын төрүнөн орун алып, жети неберенин сыймыктуу таятасы жана чоң атасы. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон Мунарбай Сатыбековдой эл арасында дайым бар болуп, келечек муундарга өзүнүн ак кызматы жана бараандуу эмгек жолу менен үлгү боло беришине тилектешпиз.
Гүлмайрам Ташбаева, Кыргызстан Журналисттер кошунунун мүчөсү
]]>