Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы эскертет: Урматтуу Чаткал районунун тургундары! КР. Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү болсо да, районубуздун көптөгөн жарандары бүгүнкү күнгө чейин биометрикалык каттоодон өтпөй келишүүдө. Баарыңыздарга белгилүү, быйыл КР. Жогорку Кеңешине шайлоолор болот. Мыйзамга ылайык, бул мамлекеттик мааниси зор иш чарага биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар катыша алышпайт. Быйылкы шайлоого мыйзамда көрсөтүлгөндөй, мурдагы шайлоолордой жарандар айдоочулук күбөлүгү, пенсиялык күбөлүк же, аскердик билети менен кирип, добуш бере алышпайт. Быйылкы шайлоого жарандар жалпы жарандык паспорт (ID карта) менен гана кирип, добуш бере алышат. Мында, сөзсүз биометрикалык каттоодон өткөн болуусу тийиш. Ошондуктан, биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар район борбору Каныш-Кыя айылындагы паспорт жана виза берүү бөлүмүнө келип, биометрикалык каттоодон өтүүлөрү тийиш. Ал эми, биометрикалык каттоодон өткөн жарандар өздөрүнүн биометрикалык каттоодо тургандгын билгиси келсе http:\shailoo.srs.kg сайтына кирип, билсе болот. Сиздерди тере урматтоо менен, Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы]]>