Демөөрчүлүк

Чаткалдык алдыңкы окуучулар кызыктуу сапарда болушту

21

тарабычат56нан Чаткал районунун Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарынын мектептеринде окуган алдыңкы окуучуларды Бишкек, ОШ, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы маданий жана тарыхый мекемелерине жана аталган шаарлардагы жогорку окуу жайлары менен бир жумалык таанышуу сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, » Жаркын келечекке багыт»  жаштар бирикмесинин мүчөсү Жоодар Атантай уулу билдирди. чат2чат3 Анын маалымдашынча, долбоорго кеткен каржылык чыгымдын жарымы Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы, ал эми, калганы шаар жеринде ар кандай тармактарда иштеген чаткалдык уул-кыздар тарабынан каржыланды. Таанышуу сапарында алдыңкы окуучулардын тобу КР. Жогорку Кеңешинде болушуп, андагы депутаттары менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүктөрү менен тааныша алышты.  Мындан сытркары,  Коомдук биринчи каналдын “Ой ордо” ток шоусуна да катышышып, өз ойлору менен бөлүшүшүп, телеберүү аркылуу обого чыгуу бактысына ээ болушту. чат 4чат1 Таанышуу сапарынын жүрушүндө алдыңкы окуучулардын тобу  Жаштар министирлигинде да болуп,  аталган министрликтин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты. Таанышуу сапарынын катышуучулары долбоордун жүрүшүндө көптөгөн жогорку окуу жайлары менен жакындан таанышып, алар үчүн келечектеги кесипти туура тандоого зор мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Негизинен, долбоордун максаты-жаш муундардын билимге болгон туура көз карашын калптандыруу, улуу муундардын жаштарга болгон камкордугун уюштуруу, мекенге болгон сүйүү сезимин өстүрүү жана ошондой эле, алардын кесипти туура тандоолоруна көмөктөш болуу эле. Долбоор өз максатына жете алды деген ойдобуз-дейт уюштуруучулардын бири, » Жаркын келечекке багыт»  жаштар бирикмесинин мүчөсү Жоодар Атантай уулу.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь