Кабар

Түркиядан диний билимибизди тереңдеттик

29

курс IMG-20150525-WA0117 Муфтияттын тандоосу мага да насип этип, 31 имамдын арасында Турккурс 20150510_060359ия жергесине бардым.  Айта кетүүчү нерсе, Муфтияттын тандоосуна ылайык, имамдардын бешөөсү түрк тилин билгендерден болуп, алар котормочунун милдетин аткарышты. Мен түрк тилин жеткиликтүү билгендигимден, бул окууга 5 котормочунун арасында катышуучу жана котормочу катары бардым. курс 20150426_142300 Биз Түркиянын Бурса шаарында кырк күн дүйнөлүк деңгээлдеги дин жаатындагы мыкты аалымдардан сабак алдык. Окуу негизинен, имамдардын диний билимин тереңдетүү, Куранды тереңдетип үйрөнүү, хадистерди жеткиликтүү чечмелөө багытында жүрдү. Окуудан сырткаркы мезгилдерде түрк шаарларын кыдырып, ал жактагы түрк туугандардын жашоо деңгээли, шаарларынын абалы менен таанышууга мүмкүндүк алдык жана окуудан сырткары, бир топ турмуштук тажрыйба алып, дүйнөлүк цивилизацияга болгон көз карашыбыз кеңейди десем болот. Чындыгында, түрк туугандар жашоо деңгээли жагынан бир топ алдыда экендигине ынандык.   Бул окуу бардык катышуучуларга чоң пкурс 20150501_155242айда берди деп түз айта алам, себеби, биз ислам дини жаатында мурда билбеген же, билүүгө тийиш болгон көптөгөн билимдерди ала алдык. Кыргызстандын имамдарынын диний билимдерин тереңдетүүнү колго алган Кыргызстан муфтиятына, бул окууну колдоого алган диянет фондуна жана Түркиянын Кыргызтандагы элчилигине бардык катышуучулардын атынан терең ыраазылык билдирип кетмекчимин. Кубанычбек Токонов ажы  Чаткал районунун баш имам хатиби.  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь