Сумсар балдар бакчасы МЕРСИКОнун көмөгү менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
Жыл башында бакча жетекчиси Гульмира Кошокова МЕРСИКОго бакчанын имаратын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 120 миң 430 сомдук долбоор жазып, аталган колдоо тапкан эле. Өтүп бараткан жумада долбоордун каражатына бакчаны оңдоп-түзөө иштери башталды.
-Долбоордо каралган жалпы каражаттын 60 %ын же, 72350 сомун өздүк салым катары коомчулук ал эми, 40 %ын же, 48080 сомун МЕРСИКО каржылоодо. Мындан сырткары, Сумсар айыл өкмөтү да жыл сайын каражат жагынан жардам берип келет. бүгүнкү күндө, ата-энелер колдон келген жардамын беришүүдө.-деди бакча башчысы Гульмира Кошокова.
М. Эшназаров ]]>