Бул жай жеке ишкер Өмүрбек Токтогулов тарабынан ачылган. Эс алуу жвйында азыркы кезде сегиз орунга ылайыкташкан беш сөөрү жана жасалгаланган боз үй орнотулган. Мында күн сайын эки жүздөй адам келип, жапжашыл бак-даракка оронгон кенен жайда тамактанышып, көңүл ачышып, эс алышып кетишет. Буга кошо эле, чаткалдыктар сырттан келген кадырлуу конокторду да мында апкелип, таза аба, кооз жаратылыштын койнунда сый көрсөтүүнү адатка айландырышууда.
Ашканасында элпек ашпоздор түрдүү тамактарды жасашып, эки адам жалаң гана шишкебек жасоо менен алек.
-Күн сайын элден жүз литрдей кымыз сатып алабыз, кечке дейре калбайт. Мындан сырткары, күн сайын тамак-ашка 25-30 килого чейин малдын этин пайдаланабыз. Муну да жергиликтүү калктан сатып алабыз.-дейт эс алуу жайынын ээси Өмүрбек Токтогулов.
Өмүрбек Токтогуловдун маалымдашынча, эс алуу жайында азыр жалпы он эки адамды жумуш менен камсыздай алды. -Мындан башка да соода-сатык жүргүзгөн жайларыбыз бар. Ал жерде иштегендер менен кошо жалпы он тогуз адамды жумуш менен камсыз кылуудабыз-ишкер.
Ишкер буга кошо эле, келечекке койгон максаттары тууралуу айтып, «Салкын-Төр» эс алуу жайын кыш мезгилинде да иштей тургандай шарт түзүп, эс алуу жайына кошумча шарттарды түзүү боюнча ойлору менен бөлүштү.
М. Эшназаров
-]]>