Терек-Сай айыл өкмөтү тарабынан Терек-Сай аймактык тескөө бөлүмүнүн оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлүнүп, аталган бөлүмдө бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштери жургүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык тескөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын подполковниги Өскөнбек Жумабаев билдирди. Ал-Биздин аймактык тескөө бөлүмү айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан. Тескөө бөлүмүнүн имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө каражат жагынан жардам бергендиги үчүн айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл аймак башчысы Бакытбек Турдалиевге ыраазылык билдирмекчимин-деди өз сөзүндө.
Аймактык тескөөчү Өскөнбек Жумабаев буга кошо эле, айыл өкмөтү Терек-Сай айылында жайгашкан Коомдук алдын алуу борборуна да компьютер жана керектүү эмеректерди алууга каражат жагынан жардам берип жаткандыгын маалымдады.
М. Эшназаров ]]>