12-июнда Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасында Каныш-Кыя жана Жаңы-Базар айылдарында кенже курактагы балдарды тарбиялоодогу белгилүү методист Сайкалбү Абдылдаева тарабынан 2-6 балдар үчүн ачылган кошумча тайпалардын тарбиячылары катышкан «Алдыңкы өлкөлөрдүн ыкмаларын балдарды окутуп, тарбиялоодо пайдалануу» аттуу райондук семинар болду.
Семинарда тарбиячылар Калима Молдотаева, Чынара Орозова, Феруза Керим кызы тарабынан «Айлана-чөйрө менен тааныштыруу. Жаз мезгили», «Орус тилин үйрөтүүдө куурчак театрынын балага тийгизген таасири» аттуу сабактар өтүлүп, катышуучулардын назарына сунушталды.
Мындан сырткары, мет
одист Сайкалбү Абдылдаева «Балдар менен карым-катнаш жасоо процессиндеги педагогдун ролу» аттуу темада теориялык окуу өткөрдү.
Семинарда тарбиячылар теориялык жактан билимдерин бир топ кеңейте алышты.
М. Эшназаров ]]>