2015-жылдын 14-майынан 16-майына чейин Жалал-Абад шаарында өткөн д”Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураан алдында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп, аталган мелдеште Чаткал районунан барган команда биринчи орунду ээлеген элген эле. Мелдештин шартына ылайык, облустук мелдеште жеңген команда катары Ысык-Көл облусунун өтүлүүчү мелдешке жолдомо алган. Аталган республикалык мелдеш 29-майынан 4-июнуна чейинки мезгилде Чолпон-Ата шаарында болуп, мында чаткалдык спортчулар Жалал-Абад облусунун намысын татыктуу коргошуп, республика боюнча экинчи орунду багындыра алышты. Бул тууралуу Чаткал райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Замирбек Белдибеков билдирди.
С. Субанова ]]>