Кабар

Байсалдуу иш сапар (“Миң уккандан, бир жолу көргөн артык”)

24

турцияга сапар 2             “Чаарат ЗААВ” компаниясынын ишмердиги Чаткал районунун аймагында башталган мезгилден бери экологиялык  коопсуздук маселеси жергиликтүү калкты кооптондурбай койбой тургандыгын компаниянын жетекчилиги жакшы түшүнүү менен кабыл алган. Ошондуктан, компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып барып, жергиликтүү жана эл аралык талаптар менен ченемдерди так сактоо үчүн көп каражаттарды жумшап, мониторинг жүргүзүп жана сурамжылоолорду өткөрүп турууда. Өткөрүлүп жаткан экологиялык мониторинг иш-чарасына дайыма жергиликтүү калктын өкүлдөрү чакырылган. Айлана-чөйрөнү мониторингдөө тобу айылдык кеңештин мүчөлөрүнөн, компаниянын жана мамлекеттик органдардын адистеринен куралган. турцияга сапар 3 Ошондой эле, райондун жергиликтүү башкаруу органдары, айыл округдарынын башчылары, айылдык депутаттар Кеңешинин жана жергиликтүү тургундардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жылына 2 жолудан компаниянын сайтына экскурсиялар уюштурулуп турууда. Ал жерге барган эл өкүлдөрү компаниянын аткарып жаткан иши, Чандалаш суусунунун тазалыгын (суунун тунмасы), экологиялык көзөмөл (өсүмдүктөр жана жаныбарлар) талабы боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгын (добуш жана аба вибрациясы) өздөрү көрүп тааныша алышат. Мындан тышкары, компанияга бөлүнүп берилген жер участогунда жүргүзүлүп жаткан иштер, жаштарды жумуш орундары менен камсыз кылуу жана адистерди даярдоо, салыктардын өз убагында төлөнүп турушу сыяктуу маселелер талкууланат. Райондун жергиликтүү тургундарынын тынчын алып келген негизги маселелердин бири катары, компаниянын ишинин жүргүзүлүшүндө химиялык заттардын, атап айтканда цианиддин колдонулушу болуп эсептелет. Албетте, бул маселенин көтөрүлүшүндө, эл арасында: “уулуу заттарды (цианид) колдонуп жатышат, ден соолукка зыяны тийүүдө, суу булганууда, эки баштуу, беш буттуу мал туулууда” деген сыяктуу сөздөр кошумча болууда. Ошол себептен компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү калк менен ар кандай чогулуштарда, жолугушууларда, коомдук угууларда дайыма түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп, бул маселелер боюнча  толук түшүндүрмөлөрдү беришип, айтылган сунуштарды дайыма көзөмөлгө алып турушат. Турцияга сапар 1 “Миң уккандан, бир көргөн артык” дегендей, ушундай жолугушуулардын биринде, компаниянын жетекчилиги райондун жергиликтүү органдарынын, айылдык депуттардын жана жергиликтүү жашоочулардын өкүлдөрүн чет мамлекеттердин бириндеги компаниялардын ишмердиги менен тааныштырып, тажрыйба алуу үчүн атайын иш сапарын уюштуруп берүү чечимин кабыл алган. Мына ошол чечим үстүбүздөгү жылдын июнь айында ишке ашырылып, Турция мамлекетинин “Чоплер” кени чыккан жердеги компаниялардын иш тажрыйбасы менен тааныштыруу максатында, Чаткал районунан 16 өкүлү иш сапары менен барып келишти. Дагы бир эске алуучу жагдай, иш сапарга баруучу чаткалдык өкүлдөрдү ар бир айылдан тандап алуу укугу толугу менен райондун жергиликтүү бийлигинин жетечилерине берилген. Төмөндө Турцияга иш сапары менен барып келген Чаткал районунун өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин билели: Мусабаев Сатаркул АскаровичКаныш-Кыя айыл аймагынын башчысы: — «Чаарат ЗААВ» компаниясынын ишмердиги биздин айылдын аймагында жүргүзүлгөндүктөн, компаниянын жетекчилери жана кызматкерлери менен бат-бат жолугушуп, экологиянын жана жолдордун абалы, жергиликтүү тургундарды жумушка орношутуруу, салык төлөө ж.б.у.с. маселелерди талкуулап турабыз. “Чаарат” компаниясы айылды социалдык-экономикалык жактан колдоого да дайыма өз салымын кошуп келүүдө. Мына кече күнү эле “Чаарат” компаниясынын демилгеси менен Турция мамлекетине иш сапарга барып келдик. Сапарыбыздын башкы максаты да, ошол өлкөнүн “Чоплер” кенин иштетип жаткан компаниялардын ишмердиги менен жакындан таанышып келүү болчу. Чынын айтсак, ал кен чыккан жердин жергиликтүү элге тийгизген пайдасы абдан жакшы экен. Социалдык жактан көрсөткөн жардамы да көп, жумушчулардын айлык акысы 1-1,5 миң долларды түзүп, иш процесси да акыркы үлгүдөгү шарттарда жүргүзүлүп жатыптыр. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү бул компанияларга ыраазычылыгын билдирип турушарын айтышты. турцияга сапар 2 “Чаарат” компаниясы 2016-жылдан баштап кен өндүрүүчү комбинатты курууну баштоо алдында турат. Бул компания да Турциядагы компаниялардын тажрыйбасын колдонуп, районубуздун жергиликтүү калкы менен тыгыз байланышта болуп, социалдык жардамдарды берип, жана эң негизгиси КР мыйзамдарынын чегинде ишмердигин жүргүзүп, экологиябызга зыян келтирбей ишмердигин жүргүзүүгө аракет кылышы керек. Албетте, “Чаарат” компаниясына  да Турцияга иш сапарын уюштуруп алып барып, ал жердеги компаниялардын ишмердиги, тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүндүгүн түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Эми районубуздун жергиликтүү калкына бул иш сапар жөнүндө айтып берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Кудайкулова Айсалкын Айылдык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басары: — Турциядагы тоо-кен тармагында ишмердигин жүргүзгөн компаниялардын иш тажрыйбасы менен таанышып келдик. Иш сапарыбыз жакшы болду. “Чоплер” деген кен чыккан жеринде “Анаголд” – “Аласар” компаниялары ишмердигин жүргүзүшөт экен. Кен чыккан жер айылдан 1,5 км аралыкта жайгашыптыр, ал эми бир айылды башка жакка көчүрүшүп, элге жакшынакай кылып үйлөрдү салып беришиптир. Ал жактагы жергиликтүү калктын жашоо шарты абдан жакшы экен. Кен өндүрүүчү фабрикага барып, анын иши менен тааныштык. Айрыкча ал фабриканын экологияга, адамдардын ден соолугуна  зыяны тийип жатабы же жокпу деп сураштырып көрдүк. Цианид ачык түрдө колдонулат, эч зыяны жок дешти. Турция мамлекети абдан бай, эли саясат менен иши жок, бардыгы тең дыйканчылык менен алпурушуп, кызылча, арпа, буудай айдашат экен. “Чаарат” компаниясы жөнүндө айта турган болсок, Чаткалдагы башка компанияларга караганда эл менен тыгыз байланыш түзүп, көп эле жардамдарды берип жатат. Өнөрбаева Рахия Райымбековна Бала бакчанын башчысы, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты: — Турцияга болгон иш сапарга биздин райондон 16 адам барып келдик. “Чоплер” деген кен чыккан жеринде болуп, ал жакта ишмердигин жүргүзгөн компаниялардын жергиликтүү эл менен мамилеси, салыктарды төлөө түрлөрү, фабриканын экологияга терс таасири барбы же жокпу деген сыяктуу маселелер боюнча кызматкерлер менен аңгемелештик. Жергиликтүү калктын ден соолугуна жана малдын арасында аномалиялык көрүнүштөр катталбаптыр. Элинин социалдык абалы абдан жакшы, жаңы үйлөрдү куруп беришиптир. Кен чыккан жерде “Анаголд” (Турция) жана “Аласар” (Канада) компаниялары ишмердигин жүргүзүшөт экен. Башкы кеңсеси Анкара шаарында жайгашыптар. Жүргүзгөн иштеринин бардыгын Турция мамлекетинин мыйзам чегинде алып барышаарын айтышты. Турция мамлекети абдан өнүккөн, бай мамлекет экен, ага жергиликтүү эл түрткү берип, ошентип ар тараптан өнүгүшсө керек. Мына биздин райондун аймагында да көптөгөн компаниялар ишмердигин жүргүзүшүүдө. Алар жергиликтүү калк менен тыгыз байланышта болуп, өз ара түшүнүү менен иш алып барышса, элдин социалдык абалы да оңолот. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып “Чаарат” компаниясынын жетекчилигине Турция мамлекетине иш сапар уюштуруп бергендиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Компания эртерээк кенди өндүрүү фабрикасынын ТЭНин бүтүрүп, инвестициялоону калыбына келтирип жана жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта иш алып барса деген ойдобуз. Шекебаев Нурлан Каныш-Кыя айылынан, жеке ишкер: — Турцияга болгон иш сапарыбыз жакшы болду. “Чоплер” деген кен чыккан жерине барып, фабриканын иши менен таанышып көрдүк. Жергиликтүү элге зыяны жок экен. Менин байкаганым, биринчиден комапниялар айыл өкмөтү менен ишти пландаштырып алып барат экен, мисалы, азык-түлүктү толугу менен ошол жерде эле алышат. Экинчиден, жергиликтүү калкты толук жумуш менен камсыз кылышыптыр. Жергиликтүү эл башында компаниялардын ишмердигине каршы болушуптур, анан жетекчилер элдин өкүлдөрүн Америкага алып барышып, ал жердеги компаниялардын ишмердиги менен тааныштырып, көрсөтүп келишиптир. Ошондон кийин эл каршы болгонун токтотуп, компания менен тыгыз байланышта иштеп ушундай ийгиликтерге жетишкен экен. Биздин аймакта да ошондой зыяны жок комбинат курулса. Компания эл менен тыгыз байланыш түзүп, ар тараптан колдоо көрсөтүп турса ийгилик сөзсүз болот. Нармырзаев Улукбек –  келечектеги тоо-кен адиси, Каныш-Кыя айылынан: — Иш сапарыбыз абдан жакшы болду. Убактыбыздын көбүн “Чоплер” деген кен чыккан жеринде өткөрдүк. Ал жердеги компаниялардын ишмердиги, иш системасы менен тааныштык. Цианидди кандай иштете тургандыгын айтып беришти, калдыктарды көмүүчү жайы жок, цианид жерге көмүлбөй, булганган суу кайра айлантуу жолу менен тазаланып турат экен. Элдин ден соолугуна, экологиянын коопсуздугуна мамлекет көзөмөл жүргүзүп, кам көрүп тураарын айтышты. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү кен чыккан жерде иштешип, жашоо шарттары жакшы. Бак дарактар өсүп турат, оорулуу жандыктар жок. Ошол жерде жашаган мугалим менен аңгемелештик. Эми келечекте “Чаарат” компаниясы да “Чоплер” кен чыккан жериндей сыяктуу тоо-кен тармагынын эрежелерин сактап ишмердигин жүргүзсө биз колдоо көрсөтөбүз. Балтабаев Эмилбек – экономист-бухгалтер, Чакмак-Суу айылынан: — Иш сапарыбызда “Чоплер” деген кен чыккан жердеги компаниялар жергиликтүү эл менен кандай иш алып барат, кандай жардамдарды көрсөтүп турат, цианидди колдонобу, анын элдин ден соолугуна тийгизген таасири сыяктуу маселелер менен таанышып, тажрыйба алып, эл, жер көрүп кайттык. Биздин райондун аймагында “Чаарат ЗААВ” жана “Кичи Чаарат” сыяктуу компаниялар ишмердигин жүргүзүүдө. Эгер бул компаниялар Турциядагыдай тартипте иш алып барышса, жергиликтүү эл макулдугун берет жана элибизге да, мамлекетибизге да пайдалуу болот. Ал үчүн биринчиден — эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу керек, экинчиден — экологияга зыяны тийбесин, үчүнчүдөн – районго, мамлекетке пайда түшүп туруусу шарт. Сапарбек уулу Азамат – Бишкектеги тоо-кен институтунун бүтүрүүчүсү, Айгыр-Жал айылынан: — Айылдаштарым мени геолог адиси катары, Турцияга барып, көрүп-билип кел деп жиберишкен. Иш сапарыбыз жакшы өттү, жергиликтүү айыл кен чыккан жерден 1,5 км аралыкта жайгашыптыр. Бир айылын ал жерден көчүрүшүп, 33 үй-бүлөгө жаңы үй куруп беришиптир. Жашоо шарттары абдан жакшы. Ар бир үй-бүлөдөн 2-3 киши иш менен камсыз болуптур. Компаниялар техниканы да жергиликтүү калктан арендага алып турушат экен, Бизди тартып барган микроавтобус да арендага алынган болуп чыкты. Калдыктарды көмүүчү жайы колдонулбайт, тазалоо иштери айлантуу жолу менен жүргүзүлөт дешти. Ашыркулов Чолпонбай Бишкектеги тоо-кен институтунун бүтүрүүчүсү, Коргон-Сай  айылынан: — Кен чыккан жерде цианид колдонулганы менен, составы аз зыяны жок дешти. Фабриканын ичине кирип таанышып, түшүнүк алдык. Жумушчулар жатаканада жашашат экен. Жергиликтүү эл менен жолугуп аңгемелештик. Алар да адегенде компаниянын ишмердигине каршы болушкан экен. Зыяндуу болот деп ойлогонбуз дешти. Компаниялар аларга үйлөрдү, бала бакча, мектеп, мечит салып беришиптир. Биз зыяндуу эч нерсени байкабадык, булганган суу жок, бардыгы труба менен агып жатат. Биз эми районго келгенден кийин жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Убагында “Чаарат” компаниясынын жардамы менен жогорку окуу жайын бүтүрдүк, практиканы да компаниянын лагеринде өткөргөнбүз, ошондуктан компанияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь