Долбоорлор

Тарбиячылар керектүү билим ала алышты

47

IMG_2605 Июнь айынын бешинде район борбору Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасындагы “Баластан” күндүзгү окутуу борборунда “Алдыңкы инновациялык ыкмаларды өз өнөрканамда пайдалануу” аттуу темадагы семинар-тренинг болду.   Семинар-тренинIMG_2584гге райондогу бала бакчалардан келген 25 тарбиячы жана райБББнын кызматкери Гүлгакы Субанова катышты.IMG_2610 Семинар-тренингдин жүрүшүндө тренерлер-Жыргал Усенбаева, Сайкал Абдылдаева, Нурзада Сурапбаева, Назгүл Субановалар тарабынан “Өнүктүрүүчү чөйрө”, “Алдыңкы педагогикага умтулуу”, “Алдыңкы педагогиканы колдонуудагы оюн ыкмалары”, “Стратегиялык методдор” аттуу окуулар өткөрүлүп, аталган окуулардын алкагында алдыңкы өлкөлөрдүн методикасын колдонуу боюнча кеңири түшүнүктөр берилди. Буга кошо эле, тренерлер Вольдарф, Ментассори, Гардерддин педагогикалык өзгөчөлүктөрүнөн да мисалдар келтирилди. Буга кошо эле, тарибячылар топ-топко бөлүнүшүп, практикалык сабактарды өтүшүп, аларга сабактар аркылуу педагогикалык алдыңкы ыкмалар практика жүзундө көрсөтүлдү. Семинар-тренингге катышкан тарбиячылар баланы алдыңкы педагогикалык ыкмалар аркылуу тарбиялоо боюнча керектүү билимдерди ала алышты. С. Субанова, Каныш-Кыя айылы]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь