Долбоорлор

Министрликтин өкүлү кошумча тайпалар менен таанышты

22

м министрлигинин өкүлү, GIZ долбоорунуIMG_2579н эксперти Айгүл Камалова районубузга иш сапары менен келип, райондогу 2-6 жаштагы балдарды окутуу үчүн ачылган кошумча тайпаларда жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштери менен жакындан таанышты. Министрликтин өкүлү Айгүл Камалова алгач Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасында ачылган кошумча тайпанын жаңыдан ачылган бөлмөсүнүн кызыл тасмасын кесүү аземине катышты. Ал мындагы кошумча тайпанын жаңыдан пайдаланууга берилген бөлмөсүнүн ички шарты менен таанышып, мында, балдар үчүн керектүү шарттар түзүлгөндүгүнө күбө болуп, 2-6 жаштагы балдарды окутуу долбоорунун жетекчиси Сайкалбү Абдылдаевага ыраазычылыгын билдирди. IMG_2594IMG_2600 Айгүл Камалова андан соң, Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей”, Айгыр-Жал айылындагы “Алтын Бешик” жана Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчаларындагы кошумча тайпалардын иштери менен жакындан таанышып, кошумча тайпаларда учурда жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштери жакшы жолго коюлгандыгын белгиледи. IMG_2611 Соңунда, министрликтин өкүлү Айгүл Камалова бүгүнкү күндө мамлекетибизде жалпы эле балдар маселесин чечүү багытында кандай иштер алып барылып жаткандыгын айтуу менен,IMG_2610 тарбиячыларга жалпы эле бала тарбиялоодогу алдыңкы ыкмалар тууралуу кеңири түшүнүк берип, слайд шоу аркылуу балдарга тиешелүү мыйзамдык ченемдер, бала тарбиялоо ишиндеги көптөгөн маселелер боюнча окуу өткөрдү. Тарбиячылар да министрликтин өкүлүнө өз ишмердүүлүктөрүнө тийиштүү суроолорду беришип, жоопторду алышты. С. Субанова, Каныш-Кыя айылы]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь