Экономика

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Маалымат негиздеме

42

IMG_2528 Үстүбүздөгү 2015-жылдын 19-мартында №60 номери менен «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирди. Мыйзам 2015-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзам долбоору 2013-жылы 27-ноябрда №535-Премьер-министрдин буйругу менен түзүлгөн пенсиялык тутумдун айылдык товар өндүрүүчүлөрдү б.а. дыйкан чарбалар менен жеке ишкерлик кылган адамдардын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бөлүгүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгып, комиссиянын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жактырылып кабыл алынган. IMG_2532                                                              IMG_2527 Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери дыйкан чарбалар үчүн 1998-жылдан бери ушул күнгө чейин Чаткал району боюнча орточо алганда жылына 60 сомдун тегерегинде төлөнүп келген, ал эми соода менен алектенген жеке ишкерлер үчүн орточо 45-200 сомдун тегерегинде айына төлөнүп келген. Өлкөбүздүн жана районубуздун экономикасында дыйкан чарбалар менен жеке ишкерлердин үлүшү 40 пайыздан ашыкты түзөт. Бирок, социалдык фондго төлөгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн үлүшү жалпы Республика же жалпы район боюнча төгүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 3 пайызын гана түзөт. Мына ушул төлөп жаткан болбогон, өтө аз төлөмдөрдү кайра эле келечекте пенсия түрүнө өздөрү алышат. Ушул мыйзамды кабыл алуунун негизинде пенсиянын өлчөмү менен пенсиялык фондго төлөмдөрдүн көлөмүнүн ортосунда байланышты күчөтүү керек, жана дыйкан чарбалар менен жеке ишкерлердин пенсиялык камсыздоо деңгээлин реформалоонун негизинде жогорулатуу болуп эсептелет. Камсызандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери дыйкан фермердик чарбалардын жер үлүштөрүнүн ээлеген аянтына жараша ар бир үлүш алган мүчөсүнө төмөнкүчө эсептелет: 1) 2 га чейин жер үлүшү бар дыйкан чарба башчысы жана мүчөлөрү менен кошо 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейин райондо эсептелген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 0,5 пайыз төлөнөт. Мисалы: 1,5 га жери бар (суулуу, кайракы жерлери биригип) дыйкан чарба 5 мүчөсү болсо үлүш китептин негизинде, райондогу орточо айлык эмгек акы 11578 сом болсо, мындан 1 адамга 1 жылга 695 сом камсыздандыруу төлөмү туура келет. Дыйкан чарба боюнча 5 адамга х 695 сом = 3475 сом 1 жылдык төлөм болуп эсептелет. Бул акча төлөмдөр дыйкан чарбанын ар бир мүчөсүнүн өздүк жеке эсебинде топтолуп, кийин пенсия курагына жеткенде татыктуу көбүрөөк өлчөмдө пенсия алууга негиз болот. Чаткал району боюнча 2563 пенсионер бар, 1 айлык пенсиянын төлөө көлөмү 10006956 сомду түзөт. Анын ичинде айылдар боюнча төмөндөгүдөй: 20150603_141615 20150603_141722]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь