Май айында Шакафтардагы В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын алдыңкы окуучуларынан жана мектеп олимпиадаларынын жеңүүчүлөрүнөн турган топ борбор калаабыз Бишкек шаарына барышып, 3 күндүк эс алууда болуп кайтышты.
Борбор калаага барган чаткалдык окучулар тобун мектеп интернаттын директору Турсуналы Орозбаев өзү баштап жүрүп, борбор калаадагы кооз жерлерди, көз жоосун алган жайларды жана жалпы эле шаар турмушу менен бир сыйра тааныштырып, окуучулардын маданий-эстетикалык ырахат алуусуна мыкты шарт түзүп бере алды.
Окуучулар үчүн бул 3 күндүк эс алуу жайкы каникул алдында эсте калаарлык маанай тартуулады.
Б. Исаков, Сумсар айылы]]>