Быйыл Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна баасы 3 млн. сомдук сандык рентген аппараты алынып берилмекчи. Бул тууралуу КР. Саламаттыкты сактоо министри З. Батыралиев жакында районго келген иш сапарында маалымдаган. Ал мындан сырткары, район борборуна жаңыдан курулуп жаткан лабораторияга да баасы 100 млн. сомдук меджабдуу бөлдүрүп берээрин билдирген.
Буюрса, быйыл район калкы саламаттыкты сактоо жаатында бир топ жаңы шарттар менен камсыздалмакчы.
М. Эшназаров ]]>