Коом

Райондун 80 жылдык маарекесин утурлай

28

80 жылдыкка шакафтар китепканачы чаткал районуна 80 жыл 1 Чаткал районунун уюшулгандыгына быйыл туптуура 80 жыл толуп олтурат. Чаткал районунун 80 жылдыгын белгилөө маселеси алгач Курулуш айылынын тургуну, белгилүү коомдук ишмер Мелисбай Сейталиев тарабынан сунушталып, район жетекчилиги тарабынан колдоо тапкан эле. Андан соң, бул датаны архивдик материалдар аркылуу тастыктоо иштери район жетекчилиги тарабынан дыкаттык менен жүргүзүлүп, соңунда бул датаны сентябрь айында жогорку деңгээлде белгилөө боюнча маселеси көтөрүлүп, республиканын жогорку бийлик органдары тарабынан колдоо тапкан. Бүгүнкү күндө Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин утурлай район жетекчилиги тарабынан бир топ иш чаралар турмушка ашырылууда. Атап айтканда, район тарыхы тууралуу энциклопедия чыгуу алдында турат. Андан сырткары, район тарыхына байланыштуу дагы бир китеп даярдалып жаткан кези. Ал эми, жыл башында Чаткал району тууралуу даректүү фильм тартылып, КТР аркылуу республика калкына сунуш кылынгандыгы белгилүү. Май айынын башында Чаткалдан чыккан белгилүү обончу, спортчу, маркум Таалай Бектургановдун чыгармачылыгына арналган сынак болду. Июль айында борбор калаада Таалай Бектургановду эскерүү кечеси республикалык деңгээлде өткөрүлмөкчү. Мындан сырткары, райондогу мектептерде белгилүү инсандардын катышуусунда Чаткал районунун тарыхына байланыштуу тегерек столдор, талкуулар өткөрүлдү. Албетте, алдыда дагы бир топ иш чараларды өткөрүү боюнча пландар бар. Буларды өткөрүүдөгү максат-Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин татыктуу тосуп алуу болуп эсептелет. М. Эшназаров  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь