Коом

Мектеп чатырын алмаштырууга райондук жетекчилик каражат таап бермекчи

22

С. Мырзалиев орто мектеби МЕРСИКО Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылындагы С. Мырзалиев орто мектебинин чатырынын эскилиги жетип, жаан-чачын учурунда мектептин ичине суу өтүп, ичиндеги керектүү кагаздар, эмеректер жараксыз болууда. Бул тууралуу мектеп директору Айнура Өскөнбаева жакында Курулуш айылында өткөн элдик жыйында билдирүү менен, район акими Канжарбек Эшалиевден бул көйгөйлүү маселени чечүүгө жардам сурады. Анын билдиришнче, мектеп чатырын жаңылоого 1 млн. 250 миң сом акча каражаты кетээри эсептелип чыккан. Район акими каражат таап, бул маселени чечүүгө жардам берүүнү убада кылды. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь