“Кыз-Булак” жүргүнчүлөрдүн эс алуу жайы Чаткал өрөөнүнүн кире бериш жериндеги Чаткал-Ала-Бука унаажолу кесип өткөн, табияты кооз жерде орун алгандыктан, бул жайга ары-бери каттаган жүргүнчүлөр токтошуп, андагы суусу таза, муздак булактан суу ичишип, аз да болсо эс алып өтүшөт. Мындан сырткары, чаткалдыктар келген меймандарды ошол жайдан тосуп алышып, кайра эле ошол жайдан узатууну адатка айлантышкан. Ал эми, жаңы үйлөнгөн жаштар да ал жерге барышып, эс алышып, кооз табияттын койнунда сүрөткө түшүшүп дегендей, эс алып келишет.
Мында өкүнүчтүү жери, эс алуу жай көптөн бери кароосуз калып, тозулуп бараткандыгы жашыруун эмес. Антсе да, быйыл бул эс алуу жайын оңдоп, ал жерге маданияттуу эс алууга ылайык шарттар түзүлүп, түнкү чырактар орнотулуп, заманбап түргө келтирүү иштери колго алынып жаткандыгын кубануу менен айткыбыз келет. Бул тууралуу жакында болуп өткөн элдик жыйында район акими Канжарбек Эшалиев маалымдады. Анын маалымдашынча, бул ишти райондук токой чарба мекемеси токой чарба агенттигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырмакчы. Ал эми, эс алуу жайына электр жеткирүү маселеси райондук жетекчилик тарабынан колго алынмакчы.
М. Эшназаров]]>