Коом

Курулуш айылына электр жеткирүү маселеси чечилет

56

чаткал а.о 1 Жакында Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылында өткөн элдик жыйында айыл четине салынып жаткан жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү маселеси көтөрүлүп, райондук жетекчиликке жана райондук электр тармагы ишканасына суроолор коюлду. Айтылган маселеге жооп берген район акими Канжарбек Эшалиев былтыр жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү үчүн токой чарба агенттиги менен сүйлөшүү аркылуу Чаткал өрөөнүнүн башындагы карагайлардан зым карагайларды даярдоо маселеси чечилип ал тургай, зым карагайлар жетээрлик даярдалгандыгын билдирди. Болгону, зым карагайларды ташып келүү маселеси жергиликтүү калк тарабынан колго алынуусу керек. Ал эми, зым карагайларды орнотуп, зымдарды талаптагыдай тартуу иштери райондук электр тармагы ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Былтыр КСДП саясий партиясы тарабынан айылдагы жаңы конуштарга коюу үчүн жетиштүү кубаттуулуктагы трансформатор маселеси чечилген.   Элдик жыйында бул маселе боюнча сөз алган Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров зым карагайларды ташып келүү айыл өкмөтү тарабынан колго алынаарын маалымдады. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь