Быйыл Чаткал районунун 80 жылдык маарекесинин алкагындагы иш чаралардын бири катары, Чаткалдан чыккан белгилүү обончу, ырчы Үсөн Оморовдун чыгармачылык кечеси өтмөкчү.
Бул тууралуу жакында Жаңы-Базар айылында өткөн элдик жыйында район акими Канжарбек Эшалиев билдирди. Анын билдиришинче, белгилүү обончунун чыгармачылык кечеси райондук жетекчиликтин колдоосу менен сентябрь айында өткөрүлмөкчү. Бүгүнкү күндө Үсөн Оморов алдыдагы чыгармачылык кечесине карата жаңы обондорду чыгарып, мурдатан бери эл ичинде ырдалып келаткан обондуу ырларын белгилүү аткаруучуларга аткартып, айтор, кызуу даярданып жаткан кези.
М. Эшназаров ]]>