Коом

Чаткалдагы Идрис пайгамбардын кадамжайы туристтерди кабыл ала баштады

99

ippippЭски китептерде жазылгандай, Идрис пайгамбардын улуту араб, өзү Мисирлик (Египет) болуп, ага Алла Тааладан пайгамбарлык берилген экен. Анан ал, дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп, Чаткал өрөөнүнүн бейиштей кооздугун, табиятынын тазалыгын жактырып, мында жашап калган дешет. i i i Чаткал өрөөнүнүн бийик, шаңдуу жана кооз жеринен орун алган күмбөздөр алда кайдан көз жоосун алып, адамды өзүнө тартып турат. Мында келген адамдар бул жерден руханий тазаланууга ээ болуп, ар кандай ырым-жырымдарды жасашып, Алла Таалага ыраазылык билдирип кетишет. Кадамжайдын айланасына арча, карагай көчөттөрү тигилип,  дарбаза, чакан оргума курулуп, отургучтар орнотулуп, ага жараша ички шарты, мында келген адамдарды кабыл алуу тартиби жылдан жылга жакшырып барат. Мындайча айтканда, райондук жетекчиликтин, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кадамжайдын шарты улам оңдолуп, заманбап түскө келүүдө. Мында алыстан келген туристтерди түнөтүүгө ылайык мейманкана, ашканалары  жана анда иштеген жергиликтүү кызматчылар бар. Ал эми, кадамжайдын тарыхын, анын маанисин келгендерге жеткире түшүндүргөн диний кызматкерлер-шайыктар кызмат көрсөтүшөт. i i Айта кетчү нерсе, күмбөздөр жыл өткөн сайын эскирип, урап бараткандыктан,  аларды кайрадан оңдоп-түзөө маселеси келип чыккан эле. Бул маселе 2011-жылы чечилип, тактап айтканда, Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Камчыбек Ташиев тарабынан күмбөздөрдүн үстү заманбап чатырланган. i ipp ipp Бүгүнкү күндө күмбөздөр жаан-чачындан ишенимдүү корголгон жана адам баласы үчүн көп жыл руханий кызмат кыла бермекчи.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь