Жалпы

Жеке пикир: Күнүмдүк тиричилик кымбатпы же…?

27

SAM_0227 Адамдарга жакшы, жагымдуу мамиле болсо көңүлдөрү көтөрүлүп, шаңына шаң кошулуп, эмгекке болгон көңүлү да көтөрүңкү болот эмеспи. үйдөн чыгып жатып улууну көрсөң ыйбаа кылып, кичүүгө ызаат көрсөтүү бул биздин күнүмдүк, жарандык милдетибиз да. Ал эми мамлекеттин милдети-бул коомду бириктирүү. Бул коом тарабынан кеңири колдоо табууга тийиш. Бүгүнкү күндө өзгөчө жаштар арасында патриоттук сезим ач кыйкырык, куу сүрөө катары түшүнүлүп, ашкере цивилизациялизмдин  идеяларына буруп жатат. Бул көрүнүш мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптанышына терс натыйжа алып келет. Жаңы рухийликке, айкындуулукка жана бекемделүүгө эмнелер бөгөт болуп жатат?. Менин оюмча коллективизмдин кыйрашы, адамдарды саясий партияларга, үй-бүлөгө, урууга байлап коюучу процесстер, улуттук партиялык күчтөр өздөрүн кубаттуу көрсөтө алышпай жатат. Эл ишенбей калды, кимдин ким экенин өздөрү көрсөтүп коюшту. Патриотимдин чыныгы ресурсу-туулган жерге, маданиятка болгон сүйүү.”Сен патриот бол”, “Элиңди, жериңди сүй” деп мажбурлоо кыйын. Таасир этүү каражаттары менен (үй-бүлө, бала бакча, мектеп, ЖОЖдор, ММК, адабияттар) аркылуу мүмкүн. Мына ушунун натыйжасында жаштар, өспүрүмдөр арасында криминогендик абалдын курчушуна маданият, тарыхка кайдыгер мамиленин өсүшүнө алып келүүдө. Алма сабагын карап өсөт дейт. Легендарлуу патриот личносттордун жаңы образын түзүү менен жүзөгө ашырууга болот. Ар бирибиз Кыргызстан менен сыймыктанууга, анын өнүгүшүнө салым кошуп, жүрөгүбүздө “биз” деген ураан жанып турбаса, өзүбүздү бактылуу пендемин деп айтууга акыбыз жок. Тимур Жолдошбеков, Терек-Сай айылы, ардагер мугалим]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь