Кабар

Балдар биздин планетанын келечеги

70

DSC_0864 1-июнь-балдарды коргоо күнүнө карата Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасы менен райондогу  социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, балдар бакчаларында жана китепканаларда белгилөө максатында даярдыктар көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө райондо 18 жашка жетпеген 159 ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген майып бар. Ал эми  21 тоголок жетим каттоодо турат. Анын ичинен турмуш шартына байланыштуу12 тоголок жетим балдар райондогу айрым мекеме жетекчилерине колдоого алып жардам берип турууга бөлүнүп берилген. Балдарды коргоо күнүнө карата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Кундуз Сейталиеванын демилгеси менен “Биз баарыбыз теңбиз” аттуу акция уюштурулуп, жеке ишкерлерге “Кайдыгер карабаңыздар” деп мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүүгө чакырыктар жөнөтүлүүдө. Ал эми 1-июнь күнү райондо “Балдар биздин планетанын келечеги” деген аталышта оюн-зоок сынагы да өткөрүлмөкчү. Б. Дилдебаев «Чаткал оттору»]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь