Маданият

Сыймык Бейшекеев чаткалдык таланттарды сындан өткөрдү

78

IMG_1709 IMG_1707 Май айынын жыйырмасында КР. Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев өзүнүн “Таланттарды издейбиз” аттуу долбоорунун алкагында районубузга келип, эл ичинен чыккан таланттарга сынак өткөрдү. Сынак район  борборундагы Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө болду. Сынактын алдынан белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев өзүнүн чыгармаларынан көрүүчүлөргө тартуулоо менен, досу, Чаткалдан чыккан белгилүү талант, рааматылык Таалай Бектургановдун чыгармаларынан да аткарып берип, залдагы көрүүчүлөр менен биргеликте белгилүү ырларын ырдап, айтоор, сынактын алдынан өзгөчө шаңдуу да, жандуу да концерт коюп, элдин дүркүрөтө кол чабуусун жарата алды. IMG_1713IMG_1714     Андан соң, сынакка орун берилип, сынактын талабына ылайык, отуз жашка чейинки талапкерлер гана катышты. Тактап айтканда, Ашыркулова Татына менен Анаркулов Актан Сыймык Бейшекеевдин чыгармаларынан жандуу үн менен аткарышып, элдин сынынан өтүштү. Сынактын жобосуна ылайык, Анаркулов Актан өзүнүн уккулуктуу үнү менен элдин кыйкырык-сүрөөн колдоосуна ээ болуп, сынактын областта өтчү туруна жолдомого ээ болду. IMG_1719   Сынактын соңунда, район акиминин орунбасарлары Жуманалы Накетаев, Муратбек Досматов жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жуманалы Нурбаевдер Сыймык Бейшекеевге ыраазылык сөздөрүн атышып, район акиминин ыраазылык катын тапшырышып, ак калпак жана  чепкен кийгизишти. IMG_1736 Өз кезегинде Сыймык Бейшекеев да ыраазылыгын билдирип, алдыдагы Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине келип, өз өнөрүн тартуулаарын айтып өттү. Ал эми, бүгүнкү сынактын жеңүүчүсү болгон Анаркулов Актан 2-июнда областта өтчү областтык сынакка катышарын билдирди. М. Эшназаров “chatkal.kg]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь