Коом

“Тазалык айылыбызга, айылыбыз баарыбызга”

113

терексай акция 1 Мына ушундай аталыштагы иш чара жакында Терек-Сай айыл аймагында өткөрүлдү. “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду жана БУУнун Аялдар уюмдарынын колдоосу жана демөөрчүлүгү менен өткөрүлгөн бул иш чарага алдын ала тыкыр даярдык көрүлгөн болчу. Тактап айтканда,  иш чара өтүүчү күн белгиленип, ага катышуучулардын так саны белгиленип, мекеме, ишканалардын жетекчилерине, көчө комитеттерине иш чарага катышуу боюнча каттар жолдонгон. Иш чараны өткөрүүгө керектелүүчү материалдардын бюджеттик сметасы алдын ала түзүлүп, иш чарага тиешелүү ураандар жасалып Терек-Сай, Эшалы болуш, Горняк, Ак-Терек айылдарынын көрүнүктүү жерлерине илинген болчу. Белгиленген күнү Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн алдында көңүлдүү музыкалар жаңырып, айыл өзгөчө шаңга бөлөнүп турду.  Тазалык иш чарасына айыл тургундары, мекеме, ишканалардын жааматтары ошондой эле, мектеп окуучулары катышты. Санитардык гигиенаны сактоо максатында уюштуруучулар тарабынан иш чарага катышкан мектеп окуучуларына ар бирине бирден колкап менен таштанды салынуучу баштыкчалар таркатылып берилди. Буга кошо эле, окуучулар ичүүчү таза минералдык суулар жана бир гана ирет колдонууга жарактуу стакандар менен камсыздалышты. терексай акция 2 Ал эми, иш чаранын башка катышуучулары тактап айтканда, ар бир көчөнүн жашоочулары өздөрү уюшуп, санитардык гигиенаны сактоо боюнча өздөрү камылга көрүштү. Айыл ичин таштандылардан арылтуу максатында өткөрүлгөн “Тазалык айылыбызга, айылыбыз жалпыбызга” аттуу бул иш чараны өткөрүүгө жалпысынан он миң сом каражат жумшалып, ондогон миң сомдук жумуштар аткарылгандыгын эске алсак,  бул саамалыкты районубуздагы бардык айыл аймактары колго алса болчудай. Дегеним, айылыбыз таза, көчөбүз көрктүү болсо, жандүйнөбүз да жаркып, жашообуз жакшы, денибиз сак болоору шексиз. Бул иш чараны өткөрүүдө А. Жантаева, Д. Сапарова, К. Токонова, А. Оморкулова, Т. Качикеевалардын уюштуруучулук эмгектерин атабай кетүүгө болбос. терексай депутаты А. Сейитов Ошондой эле, иш чаранын катышуучуларына демөөрчүлүк кылган айылдык кеңештин депутаты Алмаз Сейитовго кантип ыраазылык билдирбей кое аласың. Т. Темиралиев “Чаткал оттору”]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь