Жергиликтүү кабарлар

Жол коопсуздугу боюнча кеңири түшүнүк алышты

95

б-терек семинар 2 б-терек семинар 1 Май айынын он үчүндө Башкы-Терек орто мектебинде дене тарбия сабагынан “Дене тарбия сабагында кыймыл тактикасын, маданиятын калыптандыруу аркылуу окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо” аттуу райондук семинар болду.   Семинарда мугалимдер А. Орозов, Г. Абдыкеримовалар тарабынан “Улуттук күрөш”, “Укук бузуу. Суицид. Кылмыш жана кылмыштуулук” аттуу кечелер жана “Шайыр шамдагайлар” аталыштагы эстафеталык оюн өткөрулдү. Буга кошо эле,  семинардын жүрүшүндө, жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында “Көңүл бургула, балдар!” аталыштагы тарбиялык саат өтүлдү. б-терек семинар 3 б-терек семинар 6 б-терек семинар 5 Тарбиялык сааттын жүрүшүндө, окуучулар жол коопсуздугу эрежелерин атайы орнотулган жол белгилерин колдонуп, жолдо жүрүү эрежелерин аткаруу аркылуу үйрөнүштү. Тарбиялык сааттын уюштуруучулары жолдо жүрүү эрежелерин сактоо багытында атайы колдонмо көргөзмө куралдарды жасашып, алар аркылуу сабак өткөндүктөн, сабак окуучуларга да, семинардын катышуучуларына да абдан таасирлүү болду. Тарбиялык сааттан окуучулар жол коопсуздугу багытында кеңири түшүнүк ала алышты. М. Эшназаров “chatkal.kg]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь