Үстүбүздөгү жылдын жаанчыл келиши айыл чарбабызга, эккен эгиндерибизге жакшы болду деп сүйүнгөнүбүз менен, нөшөрлөгөн жаандын кесепети да оңой болбой калды окшойт. Дегеним, 10-май күнү жааган нөшөрлүү жаандан кыян жүрүп, Терек-Сай унаа жолу жапа чексе, 12-майда кечке жуук жааган нөшөрлөгөн жаан жолго эле эмес, мал чарбабызга да опол тоодой зыян алып келди. Тактап айтканда, КР. ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнөн алынган маалыматка ылайык, Кызыл-Токой айылынын Добулгу-Сай участкасында катуу жүргөн селден жол бузулуп, Кызыл-Токой айылынын тургуну Арзыматов Нурланбекке таандык тогуз жүз элүү баш кой-эчкини сел алып кеткен.
Сел аккан малдарды Терек-Сай суусу менен агызып келип, Орто-Токой суу сактагычына чейин алып келген.
Каз, өрдөктүн ордуна калдайып карааны көрүнгөн катыгүн, кой-эчкинин өлүктөрү….
Селден аман калганы жүз жыйырма чакты гана кой-эчки болуп чыкты. Кырсыкка айла жок демекчи, адамга зыян келбегенине шүгүр кылалы.
Т. Темиралиев “Чаткал оттору”
]]>