Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы көптөн бери оңдоло элек мечит демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Учурда мечиттин көпчүлүк иштери аяктап калган. Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяровдун маалымдашынча, мечиттин оңдоп-түзөө иштерине 2 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалууда. Анын маалыматына ылайык, бардык чыгымдар демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда.
Мечитти оңдоп-түзөө иштери быйыл аяктап, ишке берилмекчи.]]>