Кароо-сынакка жалпы эки айыл аймактагы жети тайпадан жыйырма эки тарбиялануучу катышып, ар кандай темадагы ыр, бийлерди аткарышып, көрүүчүлөрдүн шатыра-шатман кол чабууларына арзышты.
Жыйынтыгында, калыстардын чечими менен 1-орун Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасында ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучулары (тарбиячысы Жыргал Усенбаева) менен Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчада ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучулары (тарбиячысы Калима Молдотаева) ээлешти. 2-орун Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчада ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучулары (тарбиячысы Чынар Орозова) менен Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасында ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучуларына (тарбиячысы Нурзада Сурапбаева) ыйгарылды. Ал эми, 3-орун Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” балдар бакчасындагы 2 кошумча тайпага (тарбиячылары Якубова Салтанат менен Субанова Назгүл) берилди.
Мындан сырткары, кароо-сынакка активдүү катышкан бир топ наристелер долбоор жетекчиси Сайкал Абдылдаева, айыл аймак башчылары жана айыл башчылар тарабынан “Ардак Грамоталарга” кызыктыруучу белек-бечкектер менен сыйланышты.
Болотбек Нурдинов «Чаткал оттору»]]>