Каныш-Кыя айылынын тургуну, белгилүү кол өнөрчү Абдыразак Алибеков көп жылдан бери кыргыздын улуттук буюмдарын жасап, элдин керегине жарап келүүдө. Анын жасаган буюмдарын район калкы эле эмес, борбор калаабыздын тургундары да кызыгуу менен сатып алышып, күнүмдүк тиричилигине пайдаланып келүүдө. Токтоло кетсек, өзү жасаган ат жабдыктары, үй буюмдары жана боз үй жасалгалары Бишкекке чейин сатылып, баасы артып келаткан кези.
Жакында район борбору Каныш-Кыя айылында болуп өткөн 9-Май Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесинде да кол өнөрчүнүн жасаган эмгектери салтанаттуу жөө жүрүштүн көркүн ачкан көргөзмө буюмдардан болду. Тактап айтканда, атайы автоунаанын үстүнө орнотулган жаргылчак, дөшү, соко сыяктуу илгерки үй буюмдары менен биргеликте кол өнөрчү курап, жасаган кадимки карагер ат көрөрмандардын абдан кызыгуусун туудуруп, алкышка татыды.
-Карагер атты жасоого жалпысы болуп он беш миң сомдой каражат жумшадым. Учурда кыргыздын улуттук “Кара жорго” бийи абдан популярдуу болуп атпайбы. Ошон үчүн, оболу арматурадан ширетип, аттын тулкусун жасап алган соң, аттын сыртына кара материалдар каптап, кадимки жылкынын жал, куйругун тагып, адам мингенде жыгылбагыдай, сынбагыдай бекем жасадым-дейт кол өнөрчү. Ал мындан башка, ушул сыяктуу көргөзмө буюмдарды жасап, анын эмгектерин жогоруда айткандай, мектептер жана айрым мекемелер ар кандай иш чараларда колдонуп келатышат.
Айтмакчы, районубузда чыгармачылык сапар менен жүрүшкөн «Азаттык», «Акипресс» жана «7-канал» маалымат агенттиктеринин журналисттери да анын кол өнөрчүлүгүнө кызыгышып, тасмага түшүрүп кетишти.
Эмне демекчибиз. Кол өнөрчүнүн баа жеткис өнөрүнө бали!-деп, өнөрү мындан ары да өркүндөп, эл керегине жарай беришине тилектештигибизди гана билдиргибиз келет.]]>