саат ондор чамасында район борбору Каныш-Кыя айылында башталган салтанаттуу маареке район борборундагы 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишке арналып курулган эстелик монументке райондогу согуштун жана ооруктун ардагерлеринин коштоосунда гүлчамбар коюу менен башталып, анда согуштун курмандыктарына арналып куран окулду.
Буга кошо эле, эстелик монументтин айланасына ардагерлер менен биргеликте карагайдын балатылары отургузулду.
Андан соң, согуштун жана ооруктун ардагерлерине белектерди тапшыруу аземи болуп, анда район акими Канжарбек Эшалиев Чаткал районунда учурдагы жалгыз ардагер Таласбаев Көчөрбайга «ФИТ» автоунаасын тапшырды.
Эскерте кетсек, аталган автоунаа ардагерге Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесине карата белек катары учурда Кыргызстандын Орусиянын Хабаровск аймагындагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев тарабынан алынып берилди. аземде буга кошо эле, бир топ ооруктун ардагерлери райондук жетекчилик жана айыл аймактары тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.
Андан кийин салтанаттуу маареке райондогу мекеме, ишканалардын парады менен коштолуп, мекеме, ишканалардын жааматтары казкатар тизилише, Улуу Жеңишке арналган атуулдук ырлардын жаңырыгы астында параддан өтүштү. Параддан жалпы 32 мекеме өттү.
Азыркы сааттарда парад аяктап, «Ч. Айтматов» атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан маарекенин катышуучуларына концерт тартууланып, райондук спорт бөлүмү тарабынан спорттук оюндар тартууланууда.
]]>