Бүгүн, Чаткал районунда өткөн 9-Май Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесинде райондогу азыркы кездеги жалгыз согуштун ардагери Таласбаев Көчөрбайга Чаткалдын кулуну, Орусиянын Хабаровск аймагындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев өз каражатынын эсебинен «Хонда Фит» автоунаасын белекке берди. Аталган автоунаа ардагерге район акими Канжарбек Эшалиев тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Район калкы, ошону менен бирге райондук жетекчилик Кадырбек Мырзабаевге согуш ардагери Таласбаев Көчөрбайга сый-урмат иретинде берген белеги үчүн чын дилден ыраазылыгын билдирет.]]>