Коом

9-Май Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесине карата Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин куттуктоосу!

55

i Урматтуу районубуздун калайык калкы! Кадырлуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана ооруктун каармандары болгон аталар жана энелер! Сиздерди 9-Май Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекеси менен өзүмдүн жана райондук мамлекеттик администрациянын атынан чын дилимден куттуктайм! Азыркы муундардын гүлдөп өнүккөн, илимий-техникалык прогресс заманында өмүр сүрүп жатышы-баатыр аталардын жана энелердин мындан жетимиш жыл мурда кан күйгөн согушта эл, жер үчүн жан аябай салгылашып, Улуу Жеңишти алып келген тоо көтөргүс эмгегинин акыбети деп эсептейбиз. Ардактуу баатыр аталар жана энелер, келечек муундар үчүн кезинде канын, жанын аябастан кармашып, керек болсо жанын берип, кан көксөгөн фашизмди жеңип, бизге жакшы заманды алып келген сиздерге кандай урмат көрсөтсөк да жарашат. Биз, азыркы муундар, Улуу Ата Мекендик согуштагы сиздер тарткан кыйынчылыктарды, азап-тозокторду жана сиздер көрсөткөн каармандыктарды өз көзүбүз менен көрбөсөк да, бул тууралуу өз оозуңуздардан угуп, тарыхый адабияттардан окуп жана тарыхый документалдуу фильмдерден көрүп, билип жүрөбүз. Улуу Ата Мекендик согуш тарыхта “Экинчи Дүйнөлүк согуш” деген аталыш менен белгилүү.  Архивдик маалыматтарга ылайык, бул согушта жыйырма миллиондон ашуун адам фашизмдин курмандыктарына айланышып, бир канча миң адам аликүнгө дайынсыз болуп келүүдө. Мындайча айтканда, мындан жетимиш жыл мурда болгон кан күйгөн согуштун жоготуулары азыркыга чейин толук тактала элек. Ошентсе да, азыркы кезде согуш жүргөн талаалар казылып, анда дайынсыз калган жоокерлердин сөөктөрү табылып, алардын өздүгү такталып, тарыхка тактоолор киргизилип жаткандыгын билебиз. Кан күйгөн согушка эл, жерин канкор фашизмдин чеңгээлинен куткаруу үчүн биздин Чаткал районунан ондогон эр-азаматтар аттанышкан. Мында, жоокер аталарыбыздын көбү Мекенге Улуу Жеңиш менен келишсе, бир нечеси жоокер кан майданда баатырларча курман болушкан. Ал эми, алардын ичинен бир нечеси бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Алардын дайынын тактап, тарыхка калтыруу келечек муундардын милдети деп эсептейм. Кадырлуу баатыр аталар, энелер! Сиздерди дагы бир жолу Улуу Жеңиштин жетимишинчи жазы менен чын дилимден куттуктап, сиздерге мындан ары да узак өмүр, чың ден-соолук каалап кетмекчимин. Өзүңүздөр алып келген жакшы замандын шарапаты менен, уул-кызыңыздардын жакшылыгын көрүп, ылайым эл ичинде аман жүрүнүздөр. К. Эшалиев, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь