Чаткал районунда алдыдагы 9-Май-Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесин жогорку деңгээлде өткөрүү максатында кызуу даярдыктар көрүлүүдө.
Бул маарекелүү күнгө катара райондук жетекчилик тарабынан алдын-ала кабыл алынган иш чаралардын алкагында мекеме, ишканаларга тапшырмалар берилип, Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамын татыктуу тосуп алуу боюнча иштер алынып барылууда.
Ал эми, район борборундагы 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин урматына курулган мемориалдык эстелик монументи Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан оңдолуп, сырты темир тосмолонууда.
Каныш-Кыя айыл аймагынын жооптуу катчысы Күнөтай Ибраева эстеликти оңдоо иштерине айыл аймак тарабынан жүз миң сом бөлүнгөнүн билдирди. Буга кошо эле, ал-айыл аймак тарабынан “Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына-70 көчөт” аттуу иш чара кабыл алынып, ага ылайык, айыл аймактагы мектеп, бала бакчаларга карагай, кызыл карагай баш болгон ар кандай дарактардын көчөттөрүнөн бекер таркатып бердик. Мындан сырткары, мекеме, ишканалар жана жергиликтүү калк да жогорудагы иш чарадан сыртта калбай, ар кандай көчөттөрдөн алышып, отургузушту-деп кошумчалады.
Азыкы кезде, Улуу Жеңишке арналган эстеликтин айланасы мекеме, ишканалардын жааматтары жана мектеп окуучулары тарабынан тазаланып, түркүн түстүү желекчелер илинип, район борбору майрамдык шаңга келтирилүүдө.]]>
Жергиликтүү кабарлар