Кабар

Чикилдек атуу боюнча райондук мелдеш болду

72

IMG_1393IMG_1392IMG_1397 2-май күнү район борбору Каныш-Кыя айылында кыргыз элинин улуттук оюндарынын бири- чикилдек атуу (чикит атуу) боюнча райондук мелдеш болду. Жеке ишкер Талантбек Ботобековдун демөөрчүлүгү менен өткөн бул мелдешке район аймагынан жалпысы он эки команда катышып, күч сынашты. IMG_1389IMG_1398IMG_1400 Мелдеш өз ара кызуу жүрүп, Айгыр-Жал айылынан келген оюнчулар кызыктуу оюн көргөзө алышты. Соңунда, калыстардын чечими менен 1-орун Айгыр-Жал-1 командасына ыйгарылып, 6000 сом акчалай байгени илип кетишти. 2-орунду ошол эле айылдын 1971-жылы туулган тургундарынан турган команда ээлеп, 4000 сом акчалай байгеге ээ болушту. 3-орунга Каныш-Кыя-3 командасы илинип, 2000  сом акчалай байгенин ээси болушту. Ал эми, 4-орунду Багыш айылынан келген команда алып, 1000 сом акчалай байге берилди. Мындан сырткары, мыкты оюн көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзыган 3 оюнчу 200 сомдон акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жогоруда белгилегендей, мелдештин байге фонду жана жалпы катышуучулардын тамак-ашы жеке ишкер Талантбек Ботобеков тарабынан каржыланып, мелдешке жалпы элүү миң сом каражат жумшалды. -Мелдешти өткөрүүдөгү максатыбыз-кыргыз элибиздин улуттук оюндарын кайрадан жандантып, эл арасына алып чыгуу болуп саналат-дейт жеке ишкер Талантбек Ботобеков. Айта кетчү нерсе, чикилдек атуу боюнча мелдештин өтмө кубогу 1-орунду алган Айгыр-Жал-1 командасына салтанаттуу түрдө тапшырылды. Эми, келерки жылда өтчү мелдешти өтмө кубокту алган Айгыр-Жал айылы өтмөкчү.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь