Кабар

Саламаттыкты сактоо министри Чаткалга келди

25

минздрав Батыралиев 1

Май айынын экисинде Чаткал районуна КР. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев  иш сапары менен келди.

Министрдин Чаткал районуна болгон иш сапарынын максаты-тоолуу райондогу калктын саламаттыгына кам көргөн мекемелердин акыбалы менен жакындан таанышуу болуп, ал иш сапарынын алкагында Жаңы-Базар, Айгыр-Жал айылдарындагы үй бүлөлүк дарыгерлер топторунун иштөө шарттары менен жакындан таанышты. Ал мындан сырткары, райондук санэпидкөзөмөл борборунун иши менен да таанышып, ал жердеги жалпы иштин жүрүшүнө ыраазы болду. Буга кошо эле, аталган мекеменин базасында курулуп жаткан лаборатория менен таанышып, ага керектүү меджабдууларды бердирээрин айтты.

минздрав Батыралиев 2

Андан соң, район борборундагы жалпы дарыгерлик практикалык борбордун иши менен да таанышты. Иш сапардын жүрүшундө министр Талантбек Батыралиев саламаттыкты сактоо мекемелериндеги көйгөйлөр менен таанышуу менен бирге эле, бир топ жардамдарды бердиреерин да убада кылды. Атап айтканда, жаңы лабораторияга меджабдыктарды берүү, районго облустан көчмө дарыгерлер тобун жөнөтүү, районго рентген маселесин чечүү, жалпы дарыгерлик практикалык борборго автомашина берүү сыяктуу маселелерди мүмкүнчүлүккө жараша чечип берүүнү убада кылды.

Ал эми, министр Талантбек Батыралиев менен жолугушуу учурунда район акими Канжарбек Эшалиев Жаңы-Базар айылдык ооруканасына жана район борборундагы жалпы дарыгерлик практикалык борборго район тарабынан керектүү акча каражаттарын чечип берээрин билдирди.

минздрав Батыралиев 3

Министр Талантбек Батыралиев райондогу саламаттыкты сактоо мекемелериндеги азыркы абал көңүл жылытаарлык экендигин айтуу менен, андагы медкызматкерлерге ыраазылыгын билдирип, шарты катаал аймакта жасап жаткан иштерине ийгиликтерди каалады.

]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь