Мындан бир ай мурда борбор калаадагы чаткалдык жаштардын башын бириктирген “Келечекке багыт” коомдук уюмунун демилгеси жана Чаткал раймамадминистрациясынын демөөрчүлүгү менен, Чаткалдан чыккан белгилүү талант, маркум Таалай Бектургановдун жаркын элесине арналган сынак жарыяланган эле.
Сынак 30-апрель күнү маркум Таалай Бектургановдун туулган айылы-Жаңы-Базардагы Таалай Бектурганов атындагы маданият үйүндө өтүп, анда Таалай Бектургановдун обондуу ырларын гитарада мыкты аткарган жыйырма аткаруучу ат салышты.
Сынактын алдынан алгач, маркум Таалай Бектурганов тууралуу тартылган даректүү тасма көрсөтүлдү.
Андан соң, аткаруучулар Таалай Бектургановдун ар кыл темадагы чыгармаларын аткарышып, калыстардын сынынан өтүшүп, күйөрмандардын кызуу кол чабуусуна арзышты.
Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен баш байге Ак-Таш айылынан келген аткаруучу Жусуп Бектургановго ыйгарылды. Ал эми, 1-орунду Канатбек Алиев, 2-орунду Өмүрбек Орозов, з-орунду болсо, Турабеков Бекжан ээлешти. Калган катышуучулар раймамадминистрациянын “Ардак Грамоталарына” арзышты.
Катышуучулардын ичинен Терек-Сайдан келген аткаруучу, 1-топтогу майып Жеңиш Айылчиевге район акими Канжарбек Эшалиев раймамадминистрациянын “Ардак Грамотасы” менен бирге, миң сом кошумча акчалай байге тапшырды.
Эртеси, 1-май күнү район борборундагы Чыңгыз Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө сынактын жыйынтыктоочу гала концерти болду. Гала концертте сынактын жеңүүчүлөрү маркум Таалай Бектургановдун бирге жүргөн жакын досу Дүйшөн Сатыбалдиев, “Таалай элеси” эстрадалык тобунун аткаруучусу, белгилүү ырчы Тотомидин Жолдошевдер баштаган чаткалдык белгилүү ырчы, аткаруучулар менен биргеликте көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Мындан сырткары, жаш акын Мырзайым Айтымбетова жана бийчи Айзада Кадырбек кызы көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашып, көрүүчүлөрдүн дүркүрөтө кол чабууларын жарата алышты.
Сынактын жүрүшүндө, район акими Канжарбек Эшалиев сынактын баш байгесинин ээси Жусуп Бектургановго “Ардак Грамота” менен бирге жаңы гитара жана кубок тапшырды. Ал эми, 1-орунду алган Канатбек Алиевге телевизор, 2-орунду алган Өмүрбек Орозовго уюлдук телефон, 3-орунду алганБекжан Турабековго DVD тапшырылды.
Буга кошо эле, сынактын уюштуруучуларынан болгон “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин жетекчиси Айбек Кудайкулов баштаган мүчөлөрү да элдин ыраазычылыгына арзышып, белек-бечкектер менен сыйланышты.
Сынактын уюштуруучуларына жана демөөрчүлөрүнө маркум Таалай Бектургановдун бир тууган эжеси Ажар Бектурганова чын дилинен ыраазылыгын билдирди.
Сынактын соңунда, район акими Канжарбек Эшалиев июнь айынын он сегизинде борбор калаада маркум Таалай Бектургановду эскерүү кечесин өткөрүү пландалып жаткандыгын, бүгүнкү сынактын жеңүүчүлөрү эскерүү кечесинде, чоң сахнада өз өнөрлөрүн элге тартуулашаарын белгиледи.]]>