Маданият

Чаткалдык акын Равшанбек Жунусбековдун поэзиядагы "Күттүргөн жазы" менен таанышыңыз

60

IMG_1035 Чалкып жаткан кереметтүү Чаткалдан дагы бир акын чыкты. Бул акын кыргыздын поэзия дүйнөсүнө өзүнүн айыл жыттанган, айыл калкындай жөнөкөй, жасалмасыз, ошону менен бирге эле нукура ырлары менен кирип келди. Анын ырларын окугандар ырларынын жөнөкөй тил менен жеткиликтүү жазылгандыгын белгилешип, ырларындагы айтылган ойлордун ар бир жөнөкөй окурманга жеткиликтүү экендигин айтышууда. Кепти көп созо бербейин, бул акын Чаткалдын Ак-Таш айылынан чыккан, учурда борбор калаада жашап жаткан Равшанбек Жунусбеков аттуу агабыз экендигин айткым келет. Акын агабыздын быйыл жыл башында чыккан “Күттүргөн жаз” аттуу китеби колума тийди. Китепти алгач ачып, окуганда эле мага да дароо жогорудагыдай ойлор келди. Атап айтканда, ар бир ырында айтайын деген ою жөнөкөй тил менен жеткиликтүү берилген. Ырларын окуганда да кыйналбайсың. Чындыгында, айрым акындардын ырларын окуганда кадимкидей чайналып, айтайын деген оюн араң түшүнөсүң. Ал эми, Равшанбек агабыздын ырлары кыргыздын айылдык жөнөкөй жана таза тили менен жеткиликтүү жазылгандыгы менен айырмаланып турат. Китептин баш сөзүн жазган чаткалдык белгилүү акын агабыз, Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын ээси Атантай Акбаров өз сөзүндө белгилегендей, буга чейин анын акындык сезимталдыгы, поэзиянын адамы экендиги сыртынан көпчүлүккө билинбегени менен, акын агабыз ырларын жан дүйнөсүндө миң толгонуп бышырып, даярдап жүргөндүгү эми дайын болуп олтурбайбы!…. Мынакей поэзиянын анык жоокерине татыктуу чыдамкайлык! Равшанбек агабыз эр ортону элүүгө барып, поэзия дүйнөсүнө шашылбай кадам таштагандай сезилгени менен, ал буга чейин жан дүйнөсүндө ырларын бышырып, жеткиликтүү даярдап, анан кыргыз журтуна тартуулап олтурат. Ал өзүнүн поэзиясынын окурман кыргыз журтуна чыкчу жазын ичтен күтүп, ал жаздын удулу эми келгендигин жан дүйнөсү менен сезип, ага жараша эбактан бери бышып жетилип келаткан ырларын бир топтомго келтирип, ал топтомго “Күттүргөн жаз” деген символикалуу аталыш берип, анан тартуулады деп ойлойм. Анда эмесе, акын агабыз Равшанбек Жунусбековдун “Күттүргөн жаз” аттуу ырлар топтому менен кеңири таанышып, Чаткалдын табиятын, мында жашап жаткан карапайым, дили таза элдин жашоо-турмушун акын агабыздын сезимтал, нукура поэзиясынын көзү менен бир карап көрүп, Чаткал жергебиздин кайталангыс кооз табияты, жадагалса, ар бир кокту-колоту, ар бир жөнөкөй жараны чыныгы акындар үчүн бүтпөс ыр экендигин чын дилибизден сезели демекчимин. Анда эмесе, акындын айрым ырларынан назарыңыздарга сунуштайбыз. КҮНӨӨ КИМДЕ Мен өзүмө суроо таштап кеп кылам, Кыргызымдан кудай куту кеткенби. Эл башчылар талгак болуп акчага, Кайра кайра басат жаткан кетменди Мумкун күнөө бизде болуп жүрбөсүн, Шайлоолордо тандай албай башчыны , Мүмкүн биз да алданбыкпы акчага, Кээ бирлердин бизге жакпай актыгы. Эли кандай, падышасы ошондой, Деген сөздүн мааниси да бар окшойт. Карап көрчү канча жолу алдандык, Эстеп көрчү өткөндөрдү мага окшоп. Ант бергенден столуна жеткенче, Кече кийген чокой чыгат эсинен. Колдоп турган элин эстен чыгарып, Сатып кирет элин,жерин четинен. Ажо болуп шайлангандан башталат, Айтылган сөз,кылган иши башкача. Сатуу деген дайым турат эсинде, Кандай жумуш кандай ишти баштаса. Бийлик келсе дароо менчик кылышат. Жылуу жерде жакындарын жылытат. Көз тунарып эч бир нерсе көрүнбөй, Эл алдында ант бергенин унутат. Ажолордун келерине кеп айтам. Сабак болсун мурдагылар жеп качкан. Омур бою чокой чыкпай эсинден, Сөзүн уккун айтылганын эл жактан. КОШ АПАКЕ Биз коштоштук акыр маек курбадык, Сиз жаттыныз нечен күндөр кыйналып. Сүйлөшүүгө жетпей калдым апаке, Жетип бардым создүн баарын ыйга алып. Күйүтүмдү кошуп алдым арманга, Өкүнөмүн бир аз жетпей калганга, Жеткенимде мүмкүн «кош» деп айтмаксыз, Мүмкүн анда муктаж элес жардамга. Кош апаке карааныңдан айланам, Мындан ары жолукпайбыз кайрадан. Өмүр бою жүрөмүн мен өкүнүп, Сиз жатасыз мүрзө болуп айланаң. Калды көрксүз боздогондой там дагы, Боздоп ыйлап калды кыздар, балдарың. Угуп калам кээде бакта олтуруп, Шыбырашып ыйлаганын алманын. Оту күйбөй калды түтөп тандырың. Оозу ачылбай калды эски сандыгың. Жылдап айлап тырмаланып топтогон. Калды маарап өзүң тапкан жандыгын. Омур бою тартып келген азабын, Алмаштырбай кузу менен жаз айын, Куну туну кайнат турган буркулдап, Соолуй тушту отто турган казанын. Коро албадын балдарындан убайын. Сизди ушундай жаратканбы кудайым. Жаралгандан кызмат кылып оттунуз, Эми жайлуу болсун жаткан бул жайын. Кыйын экен уйдо сиздин жоктугун, Сезип келем сиздин орун боштугун, Эх апаке арга жоктон айтмакмын, Туболуко кош демекмин кош бугун. Ыйлап ыйлап тошогунду уйпалап, Таппай калдым жаткан жерин сыйпалап, Эстегенде кеткенинди апаке, Журок сыздап орттоп кирет куйкалап. «Олум ак дейт» айткандар бар билемин, Жеткире албай апа ыйдын илебин, Озунузго куран окуп ар куну, Бейишинен берсе экен деп тилеймин!!!!!!! АПА МЭЭРИМИ Болсо да мээриминиз тизмек тизмек, Азыр жок мен аларды журом издеп. Сезилбейт башкалардан таппай келем, Мээримди тогулгонун бала кыз деп. Озундун омурундон озун кесип, Аз аздан бизге бердин болуп кешик. Биз учун кылган мээнет туйшукторун, Биз мене журот азыр аалам кезип. Эми жок билбейм кайда бараарымды, Сагындым чууркап чыкчуу караанынды. Байкасам келбес жака кетиптирсиз, Билбепмин сизди издеп каларымды. Эскерип уйдо олтурган элесинди, Сагындым кундо айтчуу керезинди. Суранам таягынды колго кармап, Бир жолу уйго кирип келесинби. АЛДОО ЖАНА АЛДАМАЙ Кораблдин курсу башка кайда сузуп баратат. Алдоо менен кун батырып,алдоо менен тан атат. Алдоо менен келатабыз жыйырма жыл ичинде, Алдоо менен жашаптыпбыз биз арт жакты карасак. Алдоо,алдоо,дагын алдоо,тубу такыр корунбойт. Алдоо менен жашагандын барар жери олум дейт. Келечеги бар элдердин иши да бир,созу бир, Айткан созу,кылган иши тук экиге болунбойт. Алдайт бизди призиденти,министири,депутат. Бизди алдап жатса алардын ооздорунан кеп учат. Максатына жетип алып кайра баштайт алдоону, Алдаганын салмактасан которо албай эки уч ат. Кундо алдайт губернатор,окумоту,акими. Алдайт баары,жардамчысы,калды дейсин да кими. Алдайт алар коз коруноо, карап турурп алдашат, Алдап журуп тажатты го кыргыз элди ар кими. Алдайт дагын жалган жазып гезиттери бут алдайт. Алдагандан ашса ашар журналдары тук калбайт. Аны алдайт,муну алдайт,алдай берет баарысын, Алдаганын бул дуйнодо оз мойнуна тук албайт. Алдайт кундо ун алгысы жана алдайт сын алгы. Тушунбойсун алдагандан ким биринчи,ким алды. Бир биринен озуп чуркап балырашып алдашат, Алдап жатып чыгарат го оз ийнине жылаанды. Баары алдайт,баарын алдайтаны алдайт,муну алдайт. Эл башчылар жалган айтып алдамайын тура албайт. Конуп калды,алар алдап,эли дагын алданып, Жалган айтып алдамайын бул дуйнодо журо албайт. Алдоо,алдоо дагы алдоо ал кулака жанырат Суйлоп жатса куру создор дайра болуп агылат Алдап жатып алдаганга озу дагын берилип Озун озу алдаганга озу дагын багынат Бизде гана болот окшойт бири бирин алдамай. «Жакшы жашоо курамын»деп кызыл тилди жалдамай, Кече алдады,азыр алдайт,эртен алдайт кыргызды Айта берет,айтып келет кызыл тилди жалдап ай.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь