Жакында Шекафтар маданият үйүнүн жетекчиси Шекербек Одинаевдин демилге-иш аракеттери жана уюштуруусу астында Шекафтар айылынын маданият үйүндө Сумсар, Терек-Сай жана коңшулаш Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймактарынын таланттары келип катышышкан “Жигиттер” жана “Кыздар” топторунан турган “Сармерден” конкурсу болуп өттү. “Сармерден” конкурсунда элдик ырлар, бийлер, обондуу ырлар, комуз күүсү жаңырып, залдын көркүн чыгарып, көрөрмандарды кубанычка бөлөп, жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Сахнада ат салышкан жигиттер жана кыздар тең тең чыгышып, калыстар тобунун чечимдерине ынанышты. Ошентип, Шекербек Одинаевдин демилге-уюштуруусу менен “Сармерден” конкурсу Сумсар, Шекафтар, Терек-Сай жана 1-Май айылдарынын таланттарынын башын бириктирди.
Б. Исаков «Чаткал оттору»]]>