Жыл сайын окуучулар арасында райондук, областтык, республикалык олимпиадалар өткөрүлөөрү маалым.
Үстүбүздөгү жылы да дал ушундай олимпиадалар райондук, областтык деңгээлде өткөрүлдү. Райондук олимпиадада Терек-Сай атындагы орто мектептин бир нече окуучусу алдыңкы орундарды ээлешип, областка жолдомо алышкан болчу. Жакында областтык турда аталган мектептин окуучусу У.Орунбаев 1-орунду жеңип алса, ал эми ушул эле мектептин 11-классынын окуучусу Айзирек Ибраимова кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча жазуудан биринчиликти багындырып, республикалык олимпиадага жолдомо алды.
—Жеңишиң кут болсун, Айзирек!
-Ырахмат.
—Областта биринчиликти алуунун өзү зор жеңиш деп ойлойм. Өзүңдү кандай сезип жатасың?
-Кубанып, толкунданып, чын эле мен ушундай ийгиликти багындыра алдымбы деп өзүмчө эле толкунданып жаттым. Анткени, атаандаштарым деле ар кимиси ар жерден иргелип барган окуучулар да. Ошончо окуучудан өзгөчөлөнүп жеңишке жетүүнүн өзү зор бакыт деп сезем.
— Эссе жазуудан биринчиликти алыпсың. Кайсыл темада жаздың эле?
-“Улуттук намыс болбосо, улуттук тил кайдан болсун” деген темада жаздым. Анткени, өлкөбүздө мамлекеттик тил болгон эне тилибиз – кыргыз тилинин абалы негизги көйгөйгө айланып калбадыбы. Дегеним, кыргыз тилин мамлекеттик тил деп кабыл алып, иш кагаздары да ушул тилде колдонулсун деген менен да улуттук тилибизди жеригендер көп болуп жатпайбы. Ушул маселенин тегерегинде жаздым.
—Келечекте ким болсом дейсиң?
— Котормочу же журналистика багытында окусамбы деп турам. Мектепти аяктаганча дагы ойлонуп көрөм го кайсы бирин тандоону.
— Ырахмат. Окууларыңда ийгиликтер болуп, республикалык олимпиадада биринчиликти багындырып кел!
М. Эшназаров “Чаткал оттору”]]>