Коом

80 жылдык маарекени өткөрүүдө жеке демөөрчүлөр кол сунууда

33

кенешме 11 Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси жакындаган сайын, район аймагында бул иш чарага карата даярдык иш чаралары күч алып, анын жогорку деңгээлде өткөрүлүүсунө райондук бийлик гана эмес, катардагы карапайым жарандардын да кызыкдар боло баштагандыгы кубандырууда. Тактап айтканда, аталган облустук деңгээлдеги иш чаранын жогорку деңгээлде өткөрүлүүсүнө каржылык жана материалдык колдоо көрсөтөм деген бир топ мекенчил инсандар чыга баштады. Алардын бири-Коргон-Сай айылынын тургуну Тургуналы Токторбаев. Бул инсан райондун 80 жылдык маарекесине аз да болсо колдоо болсун-деп өз эсебинен бир баш тай берүү тууралуу оюн билдирди. Бул тууралуу өткөн жумада болуп өткөн райондун 80 жылдыгына арналган кеңешмеде айтты. –Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өз деңгээлинде өткөрүп, иш чараны көрүүгө республиканын ар тарабынан келген меймандарга районубуздун ар тараптан өнүгүп жаткандыгын көрсөтө билели, туугандар. Бул облустук деңгээлдеги иш чарага көп каражат кетээри айкын иш. Ошондуктан, баарыбыз колдон келген жардамыбызды аябай, жалпы колдоого алалы. Мен мисалы, өз жанымдан бир баш тай берем. Аны иш чаранын бир жагына пайдаланышсын-деди. Эми кантишээр экен-деп сырттан сынап карап турбай, чын дилден колдоо көрсөткөн атуулдук сезими бийик инсандардан уучубуз куру эмес экендигине дагы бир ирет ынанып, бул инсанга дагы бир ирет ыраазылык билдире кетели.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь