Быйыл Чаткал районунун түзулгөнүнө туптуура сексен жыл толду. буга удаалаш Улуу Жеңишке 70 жыл толуп олтурат. Бул маарекелүү күндөргө карата райондук жетекчилик тарабынан алдын-ала иш чаралар кабыл алынып, ага ылайык, райондогу бардык мекеме, ишканаларда, мектептерде, балдар бакчаларында ж.б. тиешелүү мекемелерде ар кандай иш чаралар өткөрүлуүдө.
Мындай иш чаралар район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде да өткөрүлүп келүүдө.
Аталган маарекелүү күндөргө карата мектепте атайы бурчтар уюштурулуп, райондун сексен жылдыгына жана Улуу Жеңишке арналган сүрөттөр, аны менен бирге эле Чаткал районунун өнүгүүсүнө зор эмгек сиңирген көрүнүктүү инсандардын өмүр баяндары жана сүрөттөрү коюлган. Мектеп окуучулары бул бурчтан өздөрү жашаган Чаткал району тууралуу кеңири маалыматтарды алышып, райондун өткөн тарыхына байланышкан кызыктуу сүрөттөрдү көрүшүп, өздөрүнүн району тууралуу кенири биле алышат.
-Районубуздун 80 жылдык жана Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекелерине карата биздин мектепте алдыда дагы бир топ иш чараларды өткөрүү боюнча иш пландар тузүлгөн. Биздин максатыбыз-жаш муундарга өз жергеси тууралуу кеңири маалымат берүү аркылуу аларды өз эл, жерин сүйүүгө тарбиялоо-дейт мектеп директорунун уюштуруу иштери боюнча орунбасары А. Эгембердиев]]>
Жергиликтүү кабарлар