Өтүп бараткан жумада район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде райондогу орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдеринин арасында тажрыйба алмашуу иш чарасы болду.
Аталган иш чарага район аймагынан 16 орус тилчи мугалимдер катышып, ачык сааттарды өтүү аркылуу тажрыйба алмашышты.
Ачык сааттардын негизги темасы болуп быйылкы жылдын 9-майында өтчү Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекеси болду. Ага ылайык, мугалимдер Ата-Мекенге болгон сүйүү, согуштагы жана ооруктагы элдин азабы, тынчтыктын барк-баасы тууралуу окуучуларга түшүндүрүп, окуучулар Улуу Ата-Мекендик согушка байланыштуу тарыхый сүрөттөрдөн жасалган слайд шоу, окуучулар тарабынан тартылган сүрөттөр, согушка жана тынчтыкка байланыштуу обондуу жана көркөм ырларды аткарышып, өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтүштү.
Мындан сырткары, мугалимдер өз сабактарында Чаткал районунун алдыда боло турган 80 жылдык маарекесине байланыштуу темаларды да колдонушуп, окуучуларга Чаткал району тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.]]>