Чаткалда Ниязбек доктур десе кимдер гана тааныбайт. Айрыкча Чаткал айыл аймагынын төрт айылынын жашоочуларынын кары жашы дебей сыркоолоп калышса алды менен мына ушул Ниязбек доктурдун кароосунан өтүшүп, анын көзөмөлүндө дарыланышат же анын жолдомосу менен райондук же башка жактардын ооруканаларына дарыланууга барышат.
Мына ошол доктур Ниязбек быйыл 5-апрелде 65 жаш куракка чыгып олтурат. Ниязбек Таирбеков 1950-жылдын 5-апрелинде Чаткалдын Айгыр-Жал айылында жарык дүйнөгө келген.1967-жылы Чаткал орто мектебин аяктагандан кийин ошол эле жылы медициналык институттун даярдоо курсуна окууга тапшырып, 1974-жылы институтту бүтүргөн. Институтта окуп жүргөн кезинде жакшы окугандыктан анын сүрөтү студенттердин “ардак тактасында” илинип турган. Ал эми институттун комсомол комитетинин да мүчөсү болгон. Окууга жана коомдук иштерге да активдүү катышуу менен бирге студенттердин өздүк көркөм ийриминдеги комузчулар ансамблин жетектеген. 1971-жылы 3-курста окуп жүргөн кезинде үй-бүлө куруп, Муназараева Курманбүбүгө баш кошкон.
Медициналык жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 1975-жылы Ош областтык ооруканасынан интернатурадан өткөн. 1976-жылы өзү туулуп өскөн Чаткал өрөөнүнө келип, ооруканага хирург жана участкалык башкы врач болуп дайындалган. 1977-жылы Ташкентте “Социальная гигиена и организация здравоохранения” боюнча эки ай, 1982-жылы “Актуальные вопросы по хирургии” боюнча, 1987-жылы Новокузнецкийде “Актуальные вопросы по хирургии” боюнча специализациядан өткөн. 1980-жылдан 1982-жылга чейин райондук ооруканада башкы врач болуп эмгектенген. 1991-жылы райондук оорукана Жаңы-Базар айылынан Каныш-Кыя айылына көчүрүлгөндө №2 Жаңы-Базар үй-бүлөлүк врачтар тобунун жетекчиси жана райондо хирург болуп которулуп, ошол убактан ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатат. 2010-жылы пенсияга чыккан. Пенсияга чыкканы менен Чаткалда врачтардын жетишсиздигинен элди кыйып ишин таштап кете албай келет.
Ниязбек Таирбеков өзүнүн дарыгерлик кесиби хирург болгону менен №2 Жаңы-Базар үй-бүлөлүк врачтар тобунда жалгыз врач болгондуктан хирург, терапевт, балдар дарыгери, кээде акушер-гинекологдун да милдетин кошо аткарып келет. Ал билиминин жана медициналык тажрыйбасынын жетишинче сыркоолоп келгендерге, жараат алгандарга, кээде ай-күнү жетип, толгоосу келип калгандарга жардамын берет. Деги эле бул кесипти аркалап келе жаткандан бери аппендицит, кесаровосечение, внематочное беременность, сөөктөргө болуп жалпысы 3000 ге жакын операция жасаган. Мунун өзү 3000ге жакын адамга медициналык жардам көрсөткөндүк эмеспи. Ал эми жумуштан тышкаркы убакта түн уйкудан безип, кыштын ызгаарына, бороон чапкын, жаан-чачынга карабай канчалаган адамдардын ден соолугуна жардам берип келүүдө.
Учурда Ниязбек Таирбеков жетектеген медициналык мекемеде 8 койкалуу стационардык жай бар. “Тез жардам” бөлүмү да күн-түн дебей элдин кызматында. Бул мекемедеги имараттар (кирпичтен салынган имараттан башкасы) толугу менен ушул кишинин жетекчилиги астында салынып же реконструкцияланган. Н. Таирбековдун медицина тармагына кошкон салымы эске алынып, бир нече жолу райондук, областтык райкомпартиялардын, мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталары менен сыйланган. 2010-жылы “Саламаттыкты сактоонун отличниги” наамы берилген. Ал бир гана тармактын ишин аркалап келбестен коомдук иштерге да активдүү катышып келет. Элдин ишеними менен 7 жолу айылдык жана райондук Советтердин депутаты болуп шайланган.
Н. Таирбековдун өмүрлүк жубайы Курманбүбү Эл агартуунун отличниги. Алар өмүр жолунда 5 баланын ата-энеси, 16 неберенин таята, таенелери. Кыздарынын арасынан Айнура Таирбекова атасынын кесибин жолдоп акушер-гинеколог болгон.
Биз да Ниязбек Таирбековду 65 жашка чыгышы менен куттуктап, анын өзүнө ден соолук, узак өмүр каалап, татаал кесибинде ийгиликтер болуусун тилейбиз.
Б. Дилдебаев, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү
]]>