Кабар

Чаткалда "Сабаттуу жазалы" акциясы өтүүдө

31

Изображение 3907Изображение 3905Изображение 3901Изображение 3900 КР. Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Сабаттуу жазалы» республикалык акциясынын жобосун жана КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2015-жылдын 3-апрелиндеги №02/1-06/714 чыгыш сандуу катын аткаруу максатында 15-16-апрель күндөрү райондогу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жат жазуу жаздыруу боюнча Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыккан. Ага ылайык, бүгүн, 15-апрелде райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери тарабынан Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук ветеринардык көзөмөл борборунун, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлерине жат жазуу жаздыруу иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш чарага жалпы 28 кызматкер катышты. Иш чара башка мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда эртең да улантылып, 17 -апрелде жыйынтыгы чыгарылмакчы.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь