Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий маалыматтык сайтынын ачылганына аз гана убакыт болуп, бул мезгил аралыгында аталган сайт район аймагында болуп жаткан жаңылыктарды интернет тармагы аркылуу көп жактарга жеткирүүнү колго ала алды десем жаңылышпайм. Каныш-Кыя айыл аймагынын демөөрчүлүгү аркылуу ачылган сайттын мындан ары иштеп кетүүсүнө көмөк көргөзгөн тараптар чыга баштагандыгы сайттын ишин жүргүзүүнү мойнуна алган адам катары мени кубандырууда. Ушундай демөөрчү, демилгечи тараптардын көмөгү менен сайттын техникалык маселелери чечиле баштады. Тактап айтканда, район акими Канжарбек Эшалиевдин жекече кайрылуусу жана аракети менен район аймагында иш жүргүзүп келаткан «Кичи Чаарат» фирмасы акыркы үлгүдөгү ноутбук, модем сыяктуу керектүү каражаттарды алууга акча каражатын бөлүп берип, бүгүнкү күндө сайттын негизги техникалык маселесин чечүүдө чоң жардам бере алды.
Район акими Канжарбек Эшалиевге жана «Кичи Чаарат» фирмасынын башкы директору У Сяоган мырзага терең ыраазычылык билдиремин.
Мухамедалы Эшназаров Чаткал.kg сайтынын башкы редактору]]>